"STEM4ALL x Mentoring Her" долбоорунун 571 катышуучусу STEMдеги аялдар лидерлигин түзүп жатышат

January 28, 2024, 23:02

 "STEM4ALL x Mentoring Her" долбооруна 320 шакирт жана 251 устат катыштыДолбоор STEM (илимтехнологияинженерия жана математикатармактарында кыздардын жана аялдардын катышуусун өнүктүрүүгө багытталганДолбоордун катышуучулары убакытты башкаруу (тайм менеджмент), лидерликэмоционалдык интеллектсынчыл ой-жүгүртүү жана финансылык сабаттуулук жаатында тажрыйбалуу адистерден билим алышты.Ошондой эле катышуучулар кесиптик максаттарына жетүүнүн негизги кадамдарын аныктапөнүгүү жол карталарын иштеп чыгышты.



"STEM4ALL x Mentoring Her" насаатчылык программасы катышуучуларга Stem4allmentoring Her  санариптик эксперименталдык аянтчага кирүү мүмкүнчүлүгүн бердиБул платформа кыздар үчүн билим алуу жана өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачыпаймактык менторлордун керектүү билимин жана колдоосун камсыз кылат.


КР Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева билим берүү системасында STEM багыты активдүү өнүгүп жатканын белгиледи."Бүгүнкү ааламдашуу доорунда дүйнөдө STEM багытты өнүктүрүүгө өзгөчө көнүл бурулуудабул тенденциядан Кыргызстан да артта калган жокБилим берүү сапатын жогорулатууда STEM предметтер боюнча мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуужаңы муундагы окуу китептерди ишке киргизүү боюнча иштер жүрүүдөЖакын арада миңдеген мугалимдерди жеке компьютер менен камсыздоо алдында турабызнатыйжада STEM сабактарды жүктөө менен анын жеткиликтүүлүгүн арттыруу жана окуучулар менен кайтарым байланышка чыгуу шарты түзүлөт», - деди Догдуркүл Кендирбаева."

  

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) КРдагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева ПРООНдун “STEM4ALL x Mentoring Her” жана “STEM коомчулук” демилгелери эң оболу илим, технология, инженерия жана математикадагы аялдардын лидерлигине тоскоолдуктарды жоюу жана аларды колдоо үчүн кызмат кылаарын белгиледи: "Мен сиздердин көңүлүңүздөрдү биздин келечектеги өнүгүүбүздү калыптандырууда аялдардын жана эркектердин бирдей катышуусу бул күн тартибинде өтө маанилүү экендигине бургум келет. Кыргызстанда STEM тармагында бүтүрүүчү аялдардын үлүшү болгону 31% ды түзөт. Биз аялдардын санариптик жана жашыл трансформация процесстерине, ошондой эле окуу жана иштөө мүмкүнчүлүктөрүнө бирдей жеткиликтүүлүк менен экономикалык гүлдөп өнүгүүгө активдүү катышуусун камсыз кылышыбыз керек. Биз ар бир адам, жынысына жана ар кандай жөндөмүнө карабастан, өлкөбүздүн келечегин түзүүдө бирдей роль ойношун каалайбыз” 


"Роза Отунбаеванын демилгеси" ЭКФнын аткаруучу директору Роза Кайыкова STEMде кыз-келиндерди колдогон долбоорлордун маанисин жана зарылдыгын белгилеп өттү. ““Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду 2013-жылдан бери ар кандай долбоорлордун жана демилгелердин алкагында аялдарды STEM чөйрөсүнө тартуу боюнча чоң иштерди жүргүзүп келет. STEM4ALL x Mentoring Her насаатчылык программасы кыздарды жана аялдарды STEM багыттарында колдоонун жана алга жылдыруунун натыйжалуу формасы экендигин далилдеди. Фонд кыздарга дүйнө жүзүндөгү/региондогу мыкты адистердин насаатчылык программасынан англис тилинде өтүүгө мүмкүнчүлүк берген, ийгиликтин дагы бир зарыл фактору болгон Stem4allmentoringHer платформасы менен иш алып барууну улантат”


Япониянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси ГОДА Хидеки белгилегендей, аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү саясаттын эң маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. "Эркектер менен аялдардын тең укуктуулук коомун түзүү Япониянын 21-кылымдагы багытын аныктоодо эң маанилүү маселе болуп саналат жана Япония кырдаалды жакшыртуу үчүн чечкиндүү чараларды көрүп жатат.Япония өкмөтү жогорку кызматтагы аялдардын үлүшүн 30% га чейин мүмкүн болушунча эртерээк көбөйтүү боюнча чараларды көрүүнү максат кылды".


“STEM4ALL x Mentoring Her” долбоорунун катышуучусу Бактыгүл Жолдошева уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, долбоор шакирттерге устат табууга гана эмес, баалуу турмуштук тажрыйба алмашууга да уникалдуу мүмкүнчүлүк бергенин белгиледи."Мен өзүмдүн ментим менен байланышты улантууну көздөп жатам жана мындан ары биргелешип өнүгүү максатында үзгүлтүксүз жолугушуулар үчүн клуб түзүү идеясын карап жатабыз".


Долбоорго Нарын облусунун Ат-Башы районунан катышкан Жанайым Абдрахманова өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, көптөгөн пайдалуу маалыматтарды гана албастан, өзү үчүн өнүгүүнүн жол картасын иштеп чыккандыгын белгиледи. Ал онлайн окутууга кошулуу мүмкүнчүлүгү долбоордун көптөгөн катышуучулары үчүн горизонтту кыйла кеңейткенин баса белгиледи.


“STEM4ALL x Mentoring Her” долбоору  БУУнун Кыргызстандагы Өнүктүрүү программасы тарабынан демилгеленип, Япония Өкмөтүнүн колдоосу менен, "Роза Отунбаеванын демилгеси " эл аралык коомдук фонду тарабынан ишке ашырылды.


2024-жылдын 27-январында Novotel отелинде "STEM4ALL x Mentoring Her" долбоорунун катышуучуларын жана "STEM4ALL Коомчулугун" сыйлоо аземи болуп өттү. Иш-чара  "STEM4ALL x Mentoring Her" долбоорунун аякташына арналып, анда программанын алкагында мыкты натыйжа көрсөткөн катышуучулар белгиленди.

 

“STEM4ALL x Mentoring Her” долбоорунун алкагындагы номинациялар:

 

·       Мыкты ментор-Нурайым Турусбекова

·       Мыкты менти-Камила Алишерова

·       Мыкты аймактык ментор-Айжан Сулайманова

·       Мыкты аймактык менти - Кызжибек Анарбаева

·       Мыкты ментор мотиватор - Улан Мамбетакунов

 

“STEM4ALL коомчулугунун” номинациялары:

 

·  STEM4ALL коомчулугунун мыкты өнөктөшү-Борбордук Шайлоо Комитетинин жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору

 

·       STEM илгерилетүүдөгү мыкты тажрыйба- "Programmer Ayimdar" долбоору

·  Мыкты билим берүү өнөктөш- И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

 

Жеңүүчүлөрдү аныктоо процессине көз карандысыз эксперттер, КР Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин өкүлдөрү, КР Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, КРдагы БУУӨПтүн өкүлдөрү жана "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунун өкүлдөрү катышышты.

Сыйлык тапшыруу аземи жаш муундарды келечектеги кесиптерге даярдоодо мыкты тажрыйбаларды жана жеке салымдарды чагылдырган аянтча болуп калды.

 

Иш-чаранын жазуусун шилтеме аркылуу көрсөңүз болот, код Xtn*d$x3

Иш-чарадан сүрөттөр бул шилтемеде

 

Насаатчылык программасы жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн:

 

📧ainagul.abdrakhmanova@undp.org

📞Телефон: 0770 755776

📧saltanat.adylbek@gmail.com

📞Телефон:0555850707

 

 

Кошумча маалымат

Дүйнөлүк Экономикалык Форумга ылайык, келечектеги жумуш орундарынын 90% дан ашыгы санариптик көндүмдөрдү талап кылат. Кыргызстанда гендердик стереотиптер жана ресурстарга жеткиликтүүлүктүн чектелгендигинен улам, орточо эсеп менен билим берүү тармагындагы бүтүрүүчүлөрдүн 31,1% ын гана аялдар түзөт. Биз кыздарга жана аялдарга STEM тармагындагы ийгиликтүү карьера үчүн керектүү куралдарды жана колдоону берүү менен бул көрсөткүчтөрдү өзгөртүүгө аракет кылабыз.

“STEM4ALL x Mentoring Her” долбоору тууралуу:

Кыргызстандын БУУӨПтүн "Кыргызстандагы аялдардын муктаждыктарын баалоо" (2023) отчетунун жыйынтыктарына жооп катарыБУУӨП тарабынан демилгеленген жана Япония Өкмөтү ошондой эле БУУнун Өнүктүрүү программасы каржылаган STEM4ALL x Mentoring Her долбоорун  "Роза Отунбаеванын демилгесиэл аралык коомдук фонду ишке ашырдыДолбоор STEM (Science-Technology-Engineering-Math) жаатындагы кыз-келиндер туш болгон көйгөйлөрдү чечүүгө багытталганӨнөр-жай лидерлерин жана жамааттарды Ментордук колдоо менен байланыштырыпдемилге жеке жана кесиптик өсүүгө көмөктөшөт. #STEM4ALL аялдарга келечектеги тез өнүгүп келе жаткан тармактарда ийгиликке жетүүгө мүмкүнчүлүк беретБУУӨПтүн Кыргызстандагы #STEM4ALL алкагындагы ишмердүүлүгү тууралуу кененирээк бул шилтемеден биле аласыздар.

Санарип платформа тууралуу (www.stem4allmentoringher.com)

 

Платформа Digital x программасынын алкагында "Mentoring Her" жана Кыргызстандагы БУУӨП  биргеликте иштеп чыккан аракеттин натыйжасы болуп саналат. Digital x программасы БУУӨПтүн башкы санариптик кеңсеси тарабынан демилгеленген жана Япония өкмөтүнүн колдоосу менен санариптик чечимдерди чек аралар аркылуу масштабдоо, биргелешкен аракеттерге көңүл буруу жана санариптик инновацияларды алга жылдырууга биргелешип умтулуу максатын көздөйт.

 

"STEM4ALL x Mentoring Her" санариптик платформасы аялдар жетектеген  "Mentoring Her" эл аралык техникалык өнөктөш менен кызматташтыкта иштелип чыгышы STEM тармагындагы тажрыйбалуу лидерлер менен тажрыйбалуу адистердин ортосундагы байланышты камсыз кылуудагы олуттуу кадам болуп саналат. Бул платформа менторлор менен ментилерди эффективдүү туташтыруу үчүн жасалма интеллекттин күчүн колдонот.

 

STEM4ALL Коомчулугу

“Практиктердин коомчулугу” (Community of Practices) Кыргызстандагы STEM тармагында иштеген аялдардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн аймактык тармактын алкагында жергиликтүү жамааттарды бириктирүү максатында түзүлгөн.Коомчулукта 2022-жылы 32 уюм бар болсо,  2023-жылы уюмдардын саны 80ге чейин көбөйдү, алардын баары STEMдеги гендердик паритетти өнүктүрүү үчүн иш алып барышат.


Кыргызстандагы БУУӨП  STEM коомчулугунун базасында кызыкдар тараптар менен өнөктөштүктү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн стратегиялык ыкманы колдонот. Бул кызматташтык өнөктөштөр арасында он биргелешкен демилгенин пайда болушуна алып келди. 2023-жылдын соңунда STEM4ALL коомчулугу менен өнөктөштүк стратегиясы иштелип чыккан. 


"STEM4ALL Award 2024" - бул мыкты тажрыйбаларды көрсөтүү жана ар кандай кызыкдар тараптардын STEM4ALL коомчулугундагы өнөктөштүгүн белгилөө мүмкүнчүлүгү.