Пеĸинде «Си Цзиньпин мамлекеттик башкаруу тууралуу» (Том IV) китебин биргелешип басып чыгаруу тууралуу Меморандумга кол коюуу аземи болду

January 31, 2024, 23:30

2024-жылдын 30-январында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун өкүлдөрү «Си Цзиньпин мамлекеттик башкаруу жөнүндө» деген китепти (IV Том) кыргыз тилинде биргелешип басып чыгаруу боюнча Меморандумга кол коюу аземине арналган иш-чарага катышты, ал КЭРдин Пекин шаарында «Дяоюйтай» мамлекеттик резиденциясында салтанаттуу кырдаалда өттү.

 

Иш-чарага Кытайдын мамлекеттик органдарынын жана ведомстволорунун, академиялык чөйрөнүн жана эксперттик коомдоштуктун өкүлдөрү, дипломатиялык корпустун жана ЖМКнун өкүлдөрү, ошондой эле 20 өлкөдөн китеп басып чыгаруучу компаниялардын жана коомдук уюмдардын кызматкерлери катышты.

 

«Си Цзиньпин мамлекеттик башкаруу жөнүндө» китеби дүйнөнүн 40тан ашык тилине которулган жана 180 өлкөдө жана региондо таратылган.

 

2019-жылдын июнунда «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ «Си Цзиньпин мамлекеттик башкаруу жөнүндө» китебинин 1-томун кыргыз тилинде басып чыгарган жана КЭРдин чет тилдердеги адабиятты басып чыгаруу жана таратуу иштери боюнча башкармалыгы менен бирдикте китептин презентациясын Бишкек шаарында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөргөн.