Чолпон-Ата шаарында “Бийик тоолордогу мөңгү көлдөрүнүн ташкындоосунан жана жер көчкүдөн келип чыгуучу коркунучтарды азайтуу” темасында семинар өтөт

February 5, 2024, 23:26

2024-жылдын 6-февралында Чолпон-Ата шаарында «Климаттык өзгөчө кырдаалга туруштук берүүнүн  жамааттык жолдорун колдоо жана адам коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле жашыл трансформацияга  өтүүнүн туруктуу өнүгүү жолдорун түзүү» долбоорунун алкагында алгачкы семинар өтөт.


Жолугушууга Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын өкулдөрү, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук өкүлү, жооптуу адистери, пилоттук айыл аймактардын жетекчилиги жана депутаттары, айыл башчылары, жаштар уюмдары, аялдар кеңештери, ошондой эле эко-активситтер катышат.Иш-чарада бийик тоолордогу мөңгү көлдөрүнүн жарылуусунан, ташкындоосунан жана жер көчкүдөн келип чыгуучу тобокелдиктерди, кесепеттерди азайтуу боюнча ишке ашырылуучу долбоор тууралуу маалымат берилет.


Долбоор БУУнун Өнүктүрүү  Программасы тарабынан Япония Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылууда. Долбоордун алкагындагы “Кырсыктарга мониторинг жүргүзүүнүн улуттук тутумун жана коомчулуктун адаптациялык потенциалын чыңдоо аркылуу бийик тоолордогу мөңгү көлдөрүнүн жарылуусунан, ташкындоосунан жана жер көчкүдөн келип чыгуучу тобокелдиктерди, кесепеттерди азайтуу”  боюнча тапшырманы  “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду пилоттук Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарында, Чоң-Сары-Ой, Бостери айыл аймактарында ишке ашырмакчы.


Долбоордун алкагында Фонд экологиялык мониторинг тобун түзүп,климаттын өзгөрүшүнүн таасири, коопсуз жүрүм-турум, биринчи жардам көрсөтүү, айлана-чөйрөнү моделдөө жана мониторинг инструменттери боюнча окутууларды өткөрөт. Ошондой эле максаттуу айылдарда жамааттар жана туристтер үчүн гендердик маселелер жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу боюнча иш-чаралар уюштурулат.


Долбоор борбордук жана жергиликтүү деңгээлде туруктуу мониторинг системасын түзүүгө багытталган. Себеби мониторингдин жетишсиздиги кырсык коркунучтарынын таралышы жана катаалдыгы жөнүндө билимдин жетишсиздигине алып келүү менен тобокелдиктерди аныктоону кыйындатат. Ысык-Көл районундагы Күнгөй Ала-Тоодогу мөңгү зонасынын эриши калк жыш жайгашкан аймактарга коркунуч туудурат. 


Түбөлүк тоңдун кыйрашына байланыштуу климаттын өзгөрүшү жана жердин температурасынын жогорулашы шартында Кыргызстанда 2000ден ашык тоо көлдөрүнө коркунуч жаралууда. Алардын дээрлик 20% табигый дамбалардын туруксуздугунан, тез-тез төгүлүшүнөн жана дамбалардын ичинде көмүлгөн муздун эришинен улам жоголуп кетүү коркунучунда. Мөңгүлүү көлдөрдүн бузулуу коркунучу жыл сайын 328 учурга бааланат. Мөңгүнүн акыркы ири кыйрашы 8-жылдын 2022-июлунда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда болгон.