«Мектепке чейинки билим берүү маселелери боюнча мамлекеттик саясатты алга илгерилетүү» пресс-релизи

November 27, 2013, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду ЮНИСЕФтин финансылык колдоосу менен мектепке чейинки билим берүү маселелери боюнча мамлекеттик саясатты алга илгерилетүү боюнча долбоорду аяктап жатат. Долбоор өз ишин 2013-жылдын февралында баштаган.

 

Долбоордун максаты балдарды мектепке чейинки билим берүүнүн ар кандай программалары менен камтууну арттыруу жагынан мамлекеттик саясатты жакшыртууга жана маселени чечүүгө көмөктөшүү, ошондой эле мектепке чейинки куракта китеп окуунун маанилүүлүгүн жөнүндө маселени актуалдаштыруу болгон. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматтары боюнча, Кыргыз Республикасында 7 жашка чейинки курактагы 860 миңге жакын бала жашайт, алардын ичинен 100 000ден ашык бала мектепке барбайт жана 15,4 пайызы гана балдар бакчаларына барат. Мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү боюнча Кыргызстан Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен аягынан санаганда экинчи орунду ээлейт.

 

Долбоордун алкагында мектепке чейинки билим берүү маселелерин кеңири талкуулоо, «Билим кербени» циклинин алкагында мектепке чейинки билим берүү маселелери боюнча жергиликтүү жамааттар менен семинарлар жана кеңейтилген консультациялар өткөрүлдү. Фонддун эксперттери коомчулуктун 1730 өкүлү жана Кыргызстандын жети облусунун жергиликтүү бийликтери менен жолугушту. Мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат жана өнүктүрүү артыкчылыктары талданды. 2013-жылдын ноябрында семинар уюштурулду, анда мектепке чейинки билим берүүнүн көйгөйлөрүн чечүү жолдору талкууланды жана түзүлдү, ага 45 адам, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары, Билим берүү жана илим, Саламаттык сактоо, Финансы министрликтеринин жооптуу адамдары, ошондой эле коомчулуктун кеңири чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышты.

 

Долбоордун алкагында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн маалыматтары 1990-жылга салыштырганда балдар бакчаларына балдардын жеткиликтүүлүгү эки эсе азайганын көрсөтүп турат. Бирок соңку жылдары кырдаалдын жакшыруу тенденциясы белгиленүүдө. Эгерде 2008-жылы 62,1 миң баланы камтыган 488 мамлекеттик балдар бакчасы жана 10 миң балага жакын контингенти бар 214 альтернативдүү мектепке чейинки уюм болсо, 2010-жылдын августунда 76 миң баланы камтыган 594 мектепке чейинки уюм жана 12 миңге жакын бала барган 279 альтернативдүү мектепке чейинки уюм иштеп турган. Ошентип, 2007-жылдан тартып 2013-жылга чейин балдарды мектепке чейинки билим берүүнүн бардык түрлөрү менен камтуу өлкө боюнча бүтүндөй алганда 7 пайыздан 15,4 пайызга чейин көбөйгөн.

 

Мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн арттыруу үчүн ошондой эле мектепке чейинки билим берүүнүн кыска убакыт болуучу балдар бакчалары, жамааттык балдар бакчалары, жайлоодогу бакчалар сыяктуу жана өзүн Кыргызстанда жакшы жагынан көрсөткөн башка заманбап моделдерин өнүктүрүү зарыл.