КЭРдин КРдагы Элчи айымынын жана Ысык-Көл областынын губернаторунун катышуусу менен 2023-жылдын сезонунда «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорун» расмий ачуу

June 29, 2023, 21:19

2023-жылдын 27-июнунда «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ Ысык-Көл областынын Түп районунда «Алтын Балалык» жана «Наристе» деген «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунун» ар жылдагы расмий ачылышын уюштурду.


«Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбоору «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ тарабынан он жылдан бери ийгиликтүү ишке ашырылып келатат жана бийик тоолуу татаал шарттарда жашап жаткан бардык балдарга мектепке чейинки билим даярдыкты жана комплекстүү өнүгүүнү алуу мүмкүнчүлүгүн берүүдө.


Бул жолу «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунун» иши менен таанышуу үчүн Ысык-Көл областынын губернатору Иманбетов Ильяз, ошондой эле КЭРдин КРдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь айым чакырылды.


Иш-чара өтө мээримдүү кырдаалда өттү, ал жерде меймандар түздөн-түз балдар, алардын ата-энелери, волонтерлор менен баарлаша алды. Конфуций Институтунун чыгармачыл адистеринин жана КЭРдин волонтерлорунун коштоосунда балдарды өнүктүрүү борборлорунун тарбиялануучуларынын өтө кызыктуу концерттик программасы көрсөтүлдү. Балдар балдар кыргыздын улуттук кийимдерин кийип, ырдады, бийледи, ойноду. «Алтын Балалык» борборунун кыздары веерлер менен кытай улуттук бийин аткарганын өзгөчө белгилеп кетүү керек. Кытайлык меймандар кыздардын бул бийине өтө ыраазы болду.


Ошондой эле Ысык-Көл областынын областтык билим берүү институтунан жана «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунун» жетекчилеринен балдар үчүн мастер-класстарды жана ар кандай өнүктүрүүчү оюндарды өткөрүү зор кызыгууну пайда кылды.


Өнүктүрүү борборлорунун жетекчилери меймандарды өздөрүнүн окуу пландары, сабактар үчүн материалдар менен тааныштырды. Балдар өзүнүн убактысын канчалык кызыктуу жана пайдалуу өткөрүп жатканына меймандар өз көзү менен көрүп ынанды.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ Ысык-Көл областынын губернатору И.Иманбетовго, ошондой эле КЭРдин КРдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь айымга өзгөчө ыраазычылыгын билдирет, Ду Дэвэнь айым «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбоорунун туруктуу өнөгү болуп саналат жана өлкөбүздүн келечек муунун өнүктүрүү үчүн баа жеткис салым кошууда.


Маалымат үчүн: 2014-жылы Фонд «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбоорун демилгелеген. Соңку он жылда тоолуу райондордо жашаган малчылардын жана үй-бүлөлөрдүн 16 миңден ашык балдарын ар тараптан өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлдү. Мындан тышкары, ар кандай иш-чараларга жана тренингдерге 6000ден ашык ата-эне жана 1400 мугалим тартылган. Эгерде 2014-жылы республиканын региондорунда жайлоодогу өнүктүрүүнүн 35 борбору, 2015-жылы – 87, 2016-жылы – 117, 2017-жылы – 98, 2018-жылы – 102, 2019-жылы – 114, 2020-жылы – 5, 2021-жылы – 30, 2022-жылы – 95 борбору ачылган болсо, үстүбүздөгү 2023-жылы 100 борбор пландаштырылган жана алардын көпчүлүгү иштеп баштады. Бул долбоор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын, жайыт комитеттеринин, эл аралык уюмдардын, демөөрчүлөрдүн, ЖОЖдордун, атайын орто окуу жайларынын, чыгармачыл мекемелердин жана коомчулуктун колдоосу менен ийгиликтүү ишке ашырылууда.