"Илимдеги кыздар" долбоорунун алкагындагы насаатчылык программасы аяктады

November 22, 2022, 09:46

«РОЗА ОТУНБАЕВАНЫН ДЕМИЛГЕСИ» ЭЛ АРАЛЫК КООМДУК ФОНДУ

ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» долбоору

 


ПРЕСС-РЕЛИЗ

"Илимдеги кыздар" долбоорунун алкагындагы насаатчылык программасы аяктады



2022-жылдын 26-ноябрында «Дасмия» этно-комплексинде «Илимдеги кыздар» долбоорунун насаатчылары үчүн жыйынтыктоочу иш-чара өтөт.


Иш-чарага КР Билим берүү жана илим министрлигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү, насаатчылар жана окуучу кыздар жана «Илимдеги кыздар» долбоорунун өнөктөштөрү катышат. Ошондой эле Борбор Азиядан чыккан дүйнөгө кеңири таанылган алгачкы аял окумуштуулардын бири, химия илимдеринин доктору, Бата университетинин химия профессору, Улуу Британиянын Падышалык илимий коомунун мүчөсү, химиялык биотехнология жаатындагы сыйлыгынын ээси, ЮНИСЕФтин “Илимдеги кыздар” программасынын элчиси Асел Сартбаеванын катышуусу күтүлүүдө.



Бизнесте, илимде жана техникада ийгиликтерге жетишкен 217 лидер аялдар Бишкек жана Ош шаарларында 2772 кызга насаатчы болуп иш алып барышты. 2021-жылдын март айынан баштап насаатчылык курстары 5 айдан 3 фазада ишке ашты. Ар бир насаатчыга STEM адистиги боюнча ЖОЖго тапшырууну пландап жаткан Бишкек , Ош жана Чүй облустарындагы мектептердин 7-10-класстарынын кыздарынан турган топ дайындалды .


Насаатчылык программасы кыздарга STEM боюнча чыныгы жашоо тажрыйбасын алууга жардам бере алды.


Бул убакыттын ичинде жүздөгөн расмий жана бейформал жолугушуулар болуп өттү. Экскурсиялар, лекциялар, театрларга жана музейлерге баруу, эртең менен бирге чуркоо жана актуалдуу маселелерди чечүү, курч суроолорго биргелешип жооп издөө - мунун баары ачык же кыйыр түрдө критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө багытталган. Кыздар командада иштөөгө, өз ойлорун, сунуштарын айтууга, талкуулоого, өз позициясын негиздөөгө, чечим кабыл алууга жана жоопкерчиликти алууга үйрөнүштү. Практикада кыздар инженер же математик болуу таптакыр кызыксыз эмес экенин, бардык алган билимдерин турмушта колдонууга болорун көрүштү.


«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду тарабынан долбоордун алкагында Менторлор үчүн колдонмо иштелип чыккан. Ошондой эле алган билимдерин ийгиликтүү колдонуу үчүн “Ментилердин күндөлүгү” даярдалган.


ЮНИСЕФтин “Илимдеги кыздар” долбоорунун насаатчылык программасы “Роза Отунбаеванын демилгеси”ЭКФ тарабынан 2021-жылдан бери ишке ашырылып келет.