Немец тилиндеги «Манас сүрөттөрдө» китебинин презентациясы өтөт

March 17, 2022, 23:02

Пресс-релиз

Немец тилиндеги «Манас сүрөттөрдө» китебинин презентациясы



Немец тилиндеги «Манас сүрөттөрдө» китеби жарыкка чыкты. Басылма Кыргыз-Герман мамилелеринин 30 жылдыгына туш келтирилген жана немец тилдүү окурманга баатырдык «Манас» эпосу менен таанышууга мүмкүндүк берет.


Презентация үстүбүздөгү жылдын 29-мартында саат 17.00дө Касымалы Баялинов атындагы Балдар-өспүрүмдөр китепканасынын Немец адабияты залында өтмөкчү.


Отуруучу орундардын саны чектелүү болгондугуна байланыштуу катыша тургандыгыңызды 660368 же 0707471879 телефондору боюнча ырастоону өтүнөбүз.


Маалымат үчүн: «Манас сүрөттөрдө» китебинин кыргыз тексти «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун заказы боюнча КР Эл жазуучусу Бексултан Жакиев тарабынан атайын жазылган. Мыкты сүрөттөрдүн автору – белгилүү сүрөтчү Замир Илипов. Мурда бул китеп кыргыз жана орус тилдеринде чыккан.


Сүрөттөрү бар китептин форматы окурмандарга көптөгөн сүрөттөр менен коштолгон автордун тексти аркылуу дүйнөдөгү эң алп эпос менен таанышууга мүмкүндүк берет.