Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын пилоттук мектептеринде COVID-19 боюнча маалыматтык жума аяктады

October 10, 2021, 21:12

«COVID-19дун таралышынын алдын алуу жана Кыргызстандын мектеп окуучуларында санитардык-гигиеналык маданияттын жалпы деңгээлин жогорулатуу чаралары» долбоорунун маалыматтык жумасы аяктады.


COVID-19дун таралышынын алдын алуу чаралары жөнүндө балдарга жана ата-энелерге маалымдоо максатында Бишкек жана Ош шаарларынын 8 пилоттук мектебинде бир жума бою ар түрдүү иш-чаралар өттү. Мектеп окуучуларындагы жеке гигиена жана санитария жагынан пайдалуу жөндөмдөр жана адаттар жөнүндө маалымдоо жана аларды каныктыруу үчүн ачык сабактар, ата-энелер чогулуштары жана башка иш-чаралар уюштурулду.


Ошондой эле долбоордун алкагында Кыргызстандын мектеп окуучуларынын жана педагогдордун арасында класстык сааттын мыкты сценарийине (пилоттук мектептердин мугалимдеринин арасында), маалыматтык жуманын мыкты сценарийине (пилоттук мектептердин арасында), COVID-19 жөнүндө мыкты видеороликке (пилоттук мектептердин окуучуларынын арасында) конкурс жарыяланды. Конкурстун жеңүүчүлөрү кийинки жумада аныкталат жана баалуу сыйлыктарды алат.


COVID-19дун алдын алуу чаралары боюнча бардык материалдар долбоордун алкагында иштелип чыккан электрондук-билим берүүчү платформага жайгаштырылат.




«COVID-19 боюнча алдын алуу жана Кыргызстандын мектеп окуучуларында санитардык-гигиеналык маданияттын жалпы деңгээлин жогорулатуу чаралары» долбоору ЮНЕСКОнун штаб-квартирасынын (Париж) колдоосу менен Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОнун иштери боюнча улуттук комиссиясы жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен өнөктөштүктө «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ тарабынан ишке ашырылып жатат.

 

Долбоордун максаты:

Кыргызстандын мектеп окуучуларынын жана педагогдорунун арасында COVID-19дун таралышынын алдын алуу чаралары менен тааныштыруу жана аларды пропагандалоо