Кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган окуучулар жана мугалим айымдардын эс алуусу аяктады

June 8, 2021, 08:37

2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган окуучулар жана мугалим айымдар үчүн 10 күндүк эс алуу “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду жана Жетиген лагери менен биргеликте БУУ Аялдар түзүмүнүн жана Ядран компаниялар тобунун колдоосу менен уюштурулду.

9 жаштан 17 жашка чейинки курактагы 70 окуучу жана 20 мугалим айым үчүн  Ысык-Көлдө эс алуу жана психологиялык реабилитациялоо иш-чаралары каралган.

Балдар үчүн программада арт-студия, скульптура, вокал, бий, кинематография, компьютердик сабаттуулук боюнча мастер-класстар уюштурулду. Лагерге балдар менен иштөөгө Чолпон-Ата шаарындагы тажрыйбалуу педагогдор тартылган. Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Дүйшөн Искаков живопись боюнча, Ч.Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын лауреаты, скульптор Мирлан Осмоналиев скульптура боюнча мастер-класстарды, ал эми Чолпон-Ата шаарындагы балдар музыкалык мектебинин мугалими Майрам Буйлашова вокал боюнча сабактарды өтүштү. Ошондой эле балет артисти Актан Асылбашев балдарга бий боюнча, Чолпон Ата шаарындагы 85-кесиптик лицейдин мугалими Мирбек Асамудинов кулинардык мастер класс боюнча, кинематографисттер союзунун мүчөсү Нуркыз Тунгатарова кино тартуу боюнча мастер-класстарды өтүштү.  

10 күн ичиндеги мастер-класстардын жыйынтыгында окуучулар өздөрү достук тууралуу кыска метраждуу кино тасма тартканга жетишишти.“Балдар абдан ынтымактуу, бири бирине күйүмдүү экен. Өздөрү мектеп курагында болсо да тынчтыктын, достуктун баркын мыкты билээрин даилдешти. Бир нече тема сунуштадым, бирок балдар тек гана кошуналар ортосундагы достук тууралуу тасма тарткыбыз келет дешти.Жыйынтыгында өздөрү сценарий жазышып, өздөрү актер\режиссер болушуп,кыска метраждуу тасма тарта алышты”- деди Нуркыз Тунгатарова.

Ошондой эле балдар менен мугалимдер жергиликтүү ажайып жерлерге – петроглифтер бар жерлерге жана музейлерге, Ч.Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборуна барышты.

Көк Таш айылынан келген Калбаев Мелисбек лагердин ар бир күнү кызыктарга бай болгонун белгиледи. “Мен ушул күндөрү абдан көп нерсеге үйрөндүм. Концерттерге катыштык, ар кандай экскурсияларга бардык. Мага Рух-Ордо аябай жакты, кооз жер экен. Мастер-класстардын ичинен мен дебатты тандаган элем. Оратордук чеберчиликке Арзыбек агай үйрөттү. Бул жакта абдан кызыктуу болгондуктан 10 күн кандай тездик менен өтүп кеткенин байкабай калдым” – деди Мелисбек Калбаев.

Окуучулар жана мугалимдер үчүн экологиялык тарбия, Ковид 19 жана биринчи медициналык жардам темасында лекциялар уюштурулду.

Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата лагерге  КР экс-Президенти Роза Отунбаева барып окуучулардан жана мугалимдерден кабар алды. Роза Исаковна аймактар аралык балдар үчүн лагерлерди уюштуруу зарылдыгын белгилеп өттү. “Бизде Кыргызстанда балдар болобу, чоң адамдар болобу аймактар аралык  бири бирине тааныштыруу практикаланбай келет. Билим берүүдө  системалык түрдө мындай иш-чаралар каралган эмес. Көп өлкөлөрдө мындай атайын программалар ишке ашырылат. Биз түндүк-түштүк маселеси болбосун десек ушинтип бири бирибизге саякат жасашыбыз керек”-деди Роза Исаковна. Роза Отунбаева балдарга “Ынтымак сыры” китебин окуп берди. “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду тарабынан чыгарылган “Кыргызстанды кыдырабыз” жана “Ынтымак сыры” китептери ар бир окуучуга жана мугалимдерге белекке берилди.

Окуучулар үчүн балдарды агрессия жана коркунучтан арылтуу максатында психологиляык тесттер, чопо менен иштөө ыкмалары менен психолог, психиатр Ламира Русланова иш алып барды. Ошондой эле психолог Ламира Русланова мугалимдер үчүн өзгөчө кырдаалда биринчи психологиялык жардам берүү боюнча курс өттү. Курска катышкандар медитация техникасы жана дем алуу практикаларын үйрөнүштү.

Лейлек районуна караштуу Жаштык айылынан келген мугалим Сүйүнова Шахноза бул эс алуу жаңыланууга жакшы жардам бергенин айтты.“Көлгө келген күндөн бери жан дүйнөбүз тазарды, көз карашыбыз кеңейди.Кечээ бир саат көлдү тиктеп отуруп өзүмдүн ички дүйнөмдү өзгөртө алдым. Психология боюнча сабактар абдан пайдалуу болду, ошондой эле Ысык-көл облусундагы мектептердин иштери менен таанышып мындан аркы ишиибизге дем күч алдык.Бизге ушундай эс алуу уюштурган жакшы инсандардын бар экендиги, элибиз журтубуз бар экенине сыймыктанып ыраазы болуп турабыз”-деди Шахноза Сүйүнова.

Мугалим эжейлердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу жана педагогдор менен тажрыйба алмашуусу үчүн Ысык-көл облусундагы алдынкы билим берүү мекемелерине экскурсия уюштурулду.Мугалимдер Бостери айылындагы А.Мамытов атындагы мектеп-гимназиясында, Бакту-Долоноту айылындагы "Березка" бала бакчасына,Чолпон-Ата шаарындагы И.Абдразаков атындагы мектеп- лицейине,А.Осмонов атындагы мектеп-гимназиясына, О.Жумаев атындагы орто мектепке барып, алардын  иш тажырыйбасы  менен таанышышты. Ошондой эле Өрнөк мектебинин,Тамчы мектеп - гимназиясынын жана Касым Тыныстанов атындагы орто мектептин директорлору да мугалимдер менен жолугушуп, тажрыйбалары менен бөлүшүштү.