«СOVID-19 жана мектеп». Тренингдин экинчи күнү.

August 21, 2021, 08:22

21-августта «Кыргызстандын мектеп окуучуларында санитардык-гигиеналык маданияттын жалпы деңгээлин жогорулатуу жана COVID-19 боюнча алдын алуу чаралары» долбоорунун алкагында пилоттук мектептердин окутуучулары үчүн «СOVID-19 жана мектеп» эки күндүк тренингинин экинчи күнү өттү. Долбоор 2021-жылдын майынан тартып ЮНЕСКОнун офисинин (Париж) колдоосу менен, Билим берүү жана илим министрлиги жана Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору (РДЧБ) менен өнөктөштүктө «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ тарабынан ишке ашырылып жатат. Бул тренинг аралаш: пилоттук мектептердин биринин – Билимкананын аймагында офлайн жана онлайн форматта өттү. Бишкек шаарынын пилоттук мектептеринин 50дөн ашык мугалими тренингди көзмө-көз өттү жана Ош шаарынын эки пилоттук мектебинен 25 окутуучу тренингге онлайн форматта кошулду. Уюштуруучулар COVID-19 менен байланышкан санитардык-эпидемиологиялык кырдаалды эске алды, ошондуктан окутуучулар сөз сүйлөгөндөргө жана мастер класстарга кезек-кезеги менен катышуусу үчүн практикалык бөлүктө катышуучулар 3 чакан топко бөлүндү. Бардыгы эки: кыргыз жана орус тилдеринде сөз сүйлөдү.

Саламдашуу сөзүндө «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын аткаруучу директору Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна актуалдуулугу дүйнөдөгү азыркы кырдаалдын акыйкатынан келип чыгып жаткан бул долбоорду ишке ашырууда Фонддун, өнөктөрдүн, пилоттук мектептердин жана мамлекеттик мекемелердин ролун белгиледи.

КР Билим берүү жана илим министрлигинин адиси Абдылдаева Гульшан Кушбековна өз сөзүндө тренингдин катышуучуларына ыраазычылыгын билдирди жана жаңы окуу жылы кандай өтөөрү дал окутуучулардын маанайына байланыштуу деп айтты жана белгиленген пландарды ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.

РДЧБ долбоордун өнөгү болуп саналуу менен, бул долбоорду ишке ашырууда Фондго ар тараптан колдоо көрсөтүп жатат. РДЧБнын директору Алтымышева Нурила Алмазбековна өзүнүн саламдашуу сөзүнөн кийин, «2021-2022-жаңы окуу жылынын башталышынын алгоритми. Вакцинациялоонун маанилүүлүгү» темасына презентация менен сөз сүйлөдү, анда COVID-19дун алдын алуу жөнүндө ишенимдүү маалымат алуунун маанилүүлүгү жана мугалимдерди окутуунун офлайн форматына кайтып келүүгө даярдоо жөнүндө кең-кесири айтып берди. Өз презентациясында ал ошондой эле мектептердин окутуучуларын вакцинациялоонун зарылчылыгын белгиледи, ал пандемияга каршы күрөшүү процессин тездетет, ал эми вакцинацияланган кызматкерлеринин саны алда канча көп болгон мектептер «жашыл» зоналар деп таанылат жана окуу процессин тоскоолдуксуз баштай алат.

Ден соолук темасын улантып, врач-терапевт, долбоордун эксперти Эрмек Исмаилов өзүнүн: «Короновирустук инфекциянын алдын алуу жана ковидге чейинки жашоого кайтып келүү» деген презентациясы менен сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө ал окутуучулардын ден соолугунун маанилүүлүгүн белгиледи жана жана пост-ковиддщик мезгилде алдын алуунун жана калыбына келтирүүнүн өзгөчө чаралары жөнүндө айтып берди. Эрмектин презентациясы дем алуу гимнастикасынын бир нече көрсөтмөлүү мисалдары менен коштолду, алар окуу процессинде гана эмес, ошондой эле үйдө колдонулушу мүмкүн. Презентация аяктагандан кийин окутуучулар вакцинациялоо жагындагы маселелерди айтышты жана бул темага өз пикирин бөлүштү.

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ санариптик сабаттуулукту жогорулатуу боюнча «Санарип 50+» долбоорун ишке ашырып жатат. Данияр Сүйүндүк уулу менен Салтанат Адылбек кызы «Педагогдун ишинде материалдарды санариптик жасалгалоо технологиялары: тартуу, видео монтаж жана дизайн» жана «Санарип жана окуу процесси» деген темаларга эки теориялык блокту жана бир практикалык мастер классты өткөрдү. Алар окуу процессинде санариптик мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу боюнча негизги методологияларды бөлүштү. Тренингдин практикалык бөлүгүндө чакан топтордо мугалимдер kahoot.it платформасынын базасында пикир сурамжылоолорду жана интеллектуалдык викториналарды кантип өткөрүү керектиги жагынан маалымат алды. Салтанат Адылбек кызы окутуучуларды презентацияларды түзүү үчүн Canva жана педагогикалык иште колдонууга боло турган видеомонтаж менен иштөө үчүн Inshot программаларын пайдаланууга үйрөттү.

Жаңы окуу жылынын башталышында менталдык ден соолук жана мугалимдерди жаңы окуу жылына психикалык даярдоо маанилүү роль ойнойт, ошондуктан психолог Анна Анастасиади чакырылды. Анын сүйлөгөн сөздөрү «COVID-19 пандемиясы жана Мектеп: эмоциялык абалды турукташтыруу» темасына теориялык (уландысы) жана практикалык бөлүктөрдөн турду. Практикалык бөлүктө издөөгө арт-терапия жана ички бала менен таанышуу өткөрүлдү. Бул көнүгүү мугалимдерге өзүнө тыштан көз жүгүртүүгө жардам берди, ошондой эле азыркы балдарды жана алардын ой жүгүртүүсүн жакшы түшүнүүгө жардам берет.

Ошондой эле денебой жана руханий жактан ден соолукту чыңдоо үчүн тренингды уюштуруучулардын демилгеси боюнча йога боюнча машыктыруучу чакырылды. Практикалык сабактарда ал асандарды аткарып, стресстен жана кооптонуу сезиминен кантип арылуу керектигин көрсөттү. Машыктыруучу ошондой эле туура дем алуунун эмоциялык жана денебой ден соолукка таасирин баса белгиледи. Бардык курактык топтордогу окутуучулар көнүгүүлөрдү энтузиазм менен аткарды жана мыкты ден соолугу менен таң калтырды. Алар 30 мүнөттүк практиканын натыйжалуулугун белгиледи жана йоганы өзүнүн күнүмдүк жашоосунда колдонуу ниетин билдирди.

Долбоордун координатору Нурзат Жээмбаева менен долбоордун командасы долбоордун алкагында андан ары өткөрүлүүчү маалыматтык жумага жана алдыдагы конкурстарга даярдануу боюнча чакан топтордо мээге чабуулдарды өткөрдү, ошондой эле катышуучуларга Z Капитанды (Ден соолук капитанын) сунуш кылды. Жаңы муундагы балдар маалыматты визуалдуу кабылдоосунун маанилүүлүгүн талкуулап, Нурзат комиксти жана электрондук-билим берүүчү платформаны презентациялады. Долбоордун иштеп чыгуулары көп сандагы окутуучуларга жеткиликтүү болушу үчүн колдонулган бардык материалдар жана методикалар кыргыз тилиндеги котормосу менен электрондук-билим берүүчү платформага жарыяланат.

Тренингди жыйынтыктап жатып, уюштуруучулар тренингге жигердүү катышкандыгы үчүн окутуучуларга ыраазычылык билдирди, ошондой эле тренингдин биринчи күнүнүн интеллектуалдык викторинасынын жеңүүчүлөрүн эстелик сыйлыктар менен сыйлады. Ош шаарынын «Илим-Ош» пилоттук мектептеринин жана №48 орто мектебинин администрацияларына жана окутуучуларына өзгөчө ыраазычылык билдирилди, алар ошондой эле Илим мектебинин аймагында жолугушту жана ZOOM платформасы аркылуу тренингдин теориялык гана эмес, ошондой эле практикалык бөлүгүнө катышты.

Эки күндүк тренингге катышкан окутуучулар уюштуруучуларга, Фонддун долбоордук командасына жыш жана кызыктуу программасы үчүн жана тренингдин экинчи күнүн офлайн-форматта өткөрүүгө алардын сунушун колдогондугу үчүн зор ыраазычылык билдирди.

Тренингдин уюштуруучулары тренингди өткөрүүгө жардам бергендиги үчүн Билимкана жана Илим-Ош мектептеринин администрацияларына ыраазычылык билдирет.