ЮНИСЕФ 500 кызга башкалар үчүн үлгү, ошондой эле өзгөрүүлөрдүн булагы болуусуна жардам берүү максатында «Илимдеги кыздар» аттуу демилгени жүзөгө ашыра баштады

March 6, 2020, 08:20

БИШКЕК, 2020-жылдын 6-марты. – Улуттук статистикалык комитеттин ЮНИСЕФтин жардамы менен өткөргөн мульти-индикатордук кластердик изилдөөсүнө (МИКИ) ылайык, 15-19 жаштагы ар бир үчүнчү кыз гана компьютердик жактан сабаттуу болуп саналат*. Аялдардын эл аралык күнүндө ЮНИСЕФ «Илимдеги кыздар» аттуу программаны ишке киргизүүдө. Бул программа жаңы конуштарда жана айыл жергесинде жашаган 500 кыздын илим, техника, инженердик ишмердик жана математика жаатында ийгилик жаратып, карьерасын өстүрүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүгү болушу үчүн алардын дараметин бекемдөө максатын көздөйт. Демилгенин алкагында кесиптик багыттама менен алдын ала даярдоо иши жүргүзүлөт, андан соң кыздар мамлекеттик жана жеке мекемелердеги 2-4 айлык окутуу программаларына, анын ичинде маалыматтык технологиялар, инженерия, транспорт, курулуш, так илимдер ж.б. сыяктуу аялдар аз кездешкен жааттардагы программаларга которулушат. Натыйжада катышуучу кыздар мектепти аяктагандан кийин тандап алган жааттарда окуусун улантууга жакшыраак даярдыкта болушат. Ошондой эле алар мектепти аяктагандан кийин өз устатынын колдоосу менен да, башка уюмдарда да стипендия алуу үчүн жакшыраак даярданып, карьералык өсүшкө жетишүүгө да көбүрөөк мүмкүнчүлүктүү болушат.

«Билим алуу менен жыныстык тең укуктуулук 2030-жылга чейинки мезгилдеги туруктуу өнүгүү жаатындагы Күн тартибинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Кыргызстандагы социалдык жана гуманитардык илимдерди окуган студенттердин 86% чейинкиси аялдар болуп саналат (Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы). Бирок кыздар илимий дисциплиналарды да мыкты өздөштүрүп, карьерасын да ийгиликтүү жасай алышмак. Көп учурларда кыздарга гендердик стереотиптер менен социалдык ченемдер кедергисин тийгизип коет. Бул долбоор кыргызстандык кыздарга жашоо-турмуштун бардык чөйрөлөрүндө өзүнүн чыныгы дараметин ачып, илимий билимге жана инновацияларга негизденген тез өнүгүүчү экономика секторунан толук пайда алуу үчүн  даярданууга шарт түзөт», - деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм.

Программанын максаты – 2022-жылга карата жок дегенде 15 000 кызды, анын ичинде калктын аярлуу катмарындагы жана мигранттардын үй-бүлөсүндөгү кыздарды теңтуштар үчүн тренингдерге катышууга  тартуу, бул аларга маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар, так илимдер, инженерия жана математика жаатында өз кесибин аңдап-түшүнүп тандап алышы жана кыйла жылдардан бери аларды чеңгээлинен чыгарбай келе жаткан жакырчылыктан чыгып кетүүгө жардам бере алган көндүмдөргө ээ болушуна көмөкчү болот.

«Дүйнө жүзү көпчүлүк кыздарга мектепке барууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн саясий эркин билдирип жаткан учурда жан кейиткен кемчилик бар экендиги ачыкталууда, ал кыздарды өз турмуш жолун калыптандыруусу үчүн гана эмес, коопсуз жана ар-намыстуу шарттарда жашоо үчүн да зарыл болгон көндүмдөр менен колдоого ээ кылууга байланышкан», - деп билдирди ЮНИСЕФтин Аткаруучу директору Генриетта Форе. «Билим алууну жеткиликтүү кылып коюу жетишсиз, биз адамдардын кыздарга болгон мамилесин өзгөртүшүбүз керек. Бардык кыздар зомбулуктан корголуп, өз укуктарын жүзөгө ашырууда эркин болуп, жашоодо бирдей укуктарга ээ болгон учурда гана чыныгы теңчиликке жетиштик десек болот».

«Илимдеги кыздар» программасы 14-18 жаштагы 500 окуучу кызга эсептелинген, аларга жамааттарындагы жаш кыздарга үлгү боло ала турган жана миңдеген кыздарды өзгөрүүлөрдүн активдүү жана натыйжалуу булагы катары ишке тартып, шыктандырууга жөндөмдүү болгон теңтуштарын окутуу үчүн машыктыруучу катары даярдоого жардам көрсөтүлөт.



Источник: ЮНИСЕФ