Кыргызстанда ар бир үчүнчү бала кедейликте өсөт

May 23, 2019, 06:00

ПРЕСС-РЕЛИЗ

 

 Кыргызстанда ар бир үчүнчү бала кедейликте өсөт

 

Бирок дээрлик 787 000 кедей баланын ичинен 289 325 бала жөлөкпул алат. Балдары бар эң кедей үй чарбалары мамлекет тарабынан жөлөкпул түрүндө кепилденген социалдык жардамды албайт. Мындайлар болсо – 60%дан ашык.

 

БИШКЕК, 2019-жылдын24-майы. –Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына ылайык, өлкөнүн калкынын 38 %ын балдар жана өспүрүмдөр түзөт. Бирок 32%ы же 787 000 бала Кыргызстанда кедейликте жашайт жана өсөт, алардын ичинен 200 000ге жакын бала кедейликтен башы чыкпай жашайт. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык Коомдук фонду көйгөйдү жана балдарга инвестициялоонун келечектерин талкуулоо боюнча ачык диалогду өткөрүп жатат.

 

Кыргызстандык балдардын экинчи мууну кедейликте өсүп жатат, бул алардын интеллектуалдык жана денебой жактан өнүгүшүнө таасир этүүдө. Балдардын 12%ынын бою жапыз (2018), булар 80 000ге жакын бала. Бойдун жапыздыгы тамакты тое жебегендиктин жана өнөкөт кедейликтин тикелей белгисинен тышкары, когнитивдик өнүгүү 2-3 жылга создугушунун кыйыр белгиси болуп саналат. Интеллектуалдык өнүгүүдө көптөгөн кечигүүлөр жаш өткөн сайын жана детекция тутуму жок болгон учурда кийин социалдык өзгөчөлүгү болушу менен майыптыкка айланат. Кедейлик, баарынан тышкары, ден соолуктун начардыгы жана сабактагыжетишүүсүнүн начардыгы, өзүнө ойдогудай баа бере албагандыгы жана татыктуу эмгекке мүмкүнчүлүктүн аздыгы менен байланышкан.

 

«Биз азырынча региондогу аз сандагы «жаш» өлкөлөрдүн бири болуп саналабыз, анын экономикалык өсүш үчүн «мүмкүнчүлүктөрдүн демографиялык терезесин» ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан бизде эбегейсиз жоопкерчилик жана балдар жаңы көйгөйлөргө жана эртеңки күндө өз учурундагы эмгек рыногунун керектөөлөрүнө даяр болушу үчүнбүгүнкү күндөн тартыпаларга өз учурунда жана адекваттуу инвестициялоо аркылуу ушулдемографиялыкдивиденддиэкономикалык дивидендгеайландыруунунмаанилүү миссиясы турат» - деп белгиледи экс-президент Роза Отунбаева.

 

Балдар кедейлигин чечүүнүн жолдору белгилүү, сыналган жана глобалдуу талданган. Потенциалдуу таасирдүү «өбөлгө» да, атап айтканда, «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулу же мурдагы Балалуу кедей үй-бүлөлөргө ар айдагы жөлөкпул бар. Бирок 787 000 кедей баланын ичинен 2019-жылдын1-апрелине карата абал боюнча 289 325бала жөлөкпул алат. Наристе курактагы балдарды жөлөкпул менен жакшыртылган камтуу – бул балалуу үй-бүлөдөгү кошумча киреше.

 

«Изилдөөлөр балдар кедейлиги экономикалык жактан ИДПнын 1%дан 5 %га чейинки жоготууларына алып келээрин көрсөтүп турат. Кыргызстандын контекстинде бул болжол менен 1.5 миллион АКШ доллары. Биз балдарга инвестициялабай жана инвестициялардын убактысын кийинкиге калтырып, күн сайын экономикалык жоготууларга кабылып жатабыз», - деп айтты Кыргызстандагы ЮНИСЕФ башчысыЮкиэМокуо.

 

Тез өзгөрүп, айкын эместик, социалдык-экономикалык чабалдык өсүп жаткан дүйнөдө социалдык коргоонун, бирок натыйжалууөбөлгөлөрү бар, ачык жана ошол эле учурда жөнөкөй жана ага муктаж болгондор үчүн түшүнүктүү социалдык коргоонун ролу жана мааниси өсүп жатат. Кедейликтин монетардык эмес көрүнүштөрүн азайтуу боюнча чаралар – бул саламаттык сактоо, тамактануу, мектепке чейинки жана XXI кылымда талап кылынган сапаттуу билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнөжеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана, сөзсүз түрдө, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануу жөндөмдөрүн колдонуу.

 

Ачык диалог Балдарды коргоо күнүнүн – 1-июндун алдында жана БУУнун Баланын укуктары жөнүндө конвенциясынын 30 жылдыгына арналган ЮНИСЕФтин кампаниясынын алкагында өткөрүлүп жатат, анын максаты баланын укугу реалдуулук болуп калышы үчүн маалымдар болууну арттыруу жана аракеттерге чакыруу болуп саналат.

 

 

ЮНИСЕФ жөнүндө:

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) бүткүл дүйнөдө балдардын жашоосун жакшыртуу үчүн, мында балдардын алда канча аялуу топторуна жардам берүүгө өзгөчө көңүл буруу менен дүйнөнүн 190 өлкөсүндө иштеп жатат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өзүнүн өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан. ЮНИСЕФ жана биздин ишибиз жөнүндө кошумча маалымат:https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ru/, ошондой эле Facebook, Instagramжана Twitter.

 

Кошумча маалымат үчүн кайрылыңыздар:

МавлюдаДжапарова, ЮНИСЕФ Бишкек: тел: 0777919143; mdzhaparova@unicef.org