Светлана Суслованын «Балыктардын унчукпагандыгы» («Молчание Рыб») поэзия кечесинин пресс-релизи

November 5, 2016, 06:00

Светлана Суслованын «Балыктардын унчукпагандыгы» («Молчание Рыб»)

поэзия кечесинин пресс-релизи 

 

2016-жылдын 18-ноябры, Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын кичи залы 

 

Башталышы саат 17-00. Эшик ачык. 

 

 

Бардык поэзия сүйүүчүлөрдү салтка айланган Поэзия кечесине чакырабыз, ал өлкөбүздүн даңктуу чоң акыны Светлана Суслованын чыгармачылыгына арналган. Сиздер 18-ноябрда Улуттук филармониянын кичи залында автордун аткаруусунда белгилүү жана жаңы чыгармаларды угуп, мэтр менен баарлаша аласыздар.

 

Өзүнүн чыгармачыл кечесин Светлана Георгиевна «Балыктардын унчукпагандыгы» («Молчание Рыб») деп атады: «Мен өзүм Балыктардын доорунан эмесминби, мен өткөн миң жылдыкта акын катары да, адам катары да калыптандым. Ал эми унчукпагандыгыбыз көп-көп нерселерге жык толгон...»

 

Азыркы учурда Светлана Георгиевна манасчы Жусуп Мамйдын варианты боюнча «Манас» эпосун орус тилине которуу жагынан иштеп жатат. Бардыгы болуп Светлана Суслованын чыгырмачылык капчыгында он беш оригиналдуу поэтикалык жыйнак, жыйырмадан ашык котормо, анын ичинде КР Эл акыны КР С.Жусуевдин ыр түрүндөгү эки романы жана Омар Хайям рубайяттарынан эки китеп бар.

 

Поэзия кечесин «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду Швейцариянын КРдагы Элчилигинин колдоосу менен, КР Жазуучулар бирлиги жана Улуттук филармония менен кызматташтыкта уюштурган.

 

Маалымат үчүн телефондор: 660 384 же төмөнкү сайтта: www.roza.kg