Караколдо “5 кадам”китебинин презентациясы өттү
February 17, 2026, 08:33
Каракол шаарында "5 кадам" китебинин презентациясы өттү. 2026-жылдын 14-февралында Каракол шаарында ата-энелерге арналган «5 кадам» китебинин, балдар үчүн жаңы ырлардын жана долбоордун Instagram-баракчасынын презентациясы болуп өттү.
Иш-чара “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан Миндеру фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Бешке чейин үлгүр» долбоорунун алкагында уюштурулду.
Форумдун негизги максаты — балдардын кенже курактан өнүгүүсү тууралуу илимий негизделген маалыматтарды ата-энелерге жеткирүү жана ата-эне менен баланын ортосундагы позитивдүү, ишенимдүү мамилени чыңдоо болду.
Иш-чарага фонддун аткаруучу директору Роза Кайыкова жана КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн социалдык бөлүмүнүн башчысы Салават Кадаев катышты.
Салават Кадаев фонддун кенже курактагы балдарды өнүктүрүү багытындагы ишмердүүлүгүн жогору баалап, аткаруучу директорго Ыраазычылык баракчасын тапшырды.
Фонддун аткаруучу директору Роза Кайыкова өз сөзүндө баланын жашоосундагы эң маанилүү мезгил — 5 жашка чейинки убакыт экенин белгилеп, ата-энелерди ушул куракта балдарына көбүрөөк көңүл бурууга чакырды. Ошондой эле ал «5 кадам» долбоорунун Instagram-баракчасында ата-энелер үчүн видео форматындагы пайдалуу кеңештер жарыяланып турарын, ал эми илимий изилдөөлөргө негизделген маалыматтар китеп форматында да даярдалганын белгиледи.
Иш-чаранын алкагында адистер тарабынан мазмундуу лекциялар окулду. Психолог Асель Сүйүнбаева «Бактылуу баланы кантип өстүрөбүз?» темасында баяндама жасап, баланын эмоционалдык коопсуздугу жана ата-эненин ролу тууралуу кеңири маалымат берди. Ал эми психолог, гумандуу педагог жана SOS Балдар айылынын жетекчиси Нурбек Богачиев «Үй-бүлөдөгү коммуникацияларды туура түзүү» темасында лекция окуп, ата менен эне ортосундагы өз ара түшүнүшүүнүн маанисине токтолду.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга «5 кадам» китеби белекке берилди. Балдар үчүн мастер-класстар жана кызыктуу оюндар уюштурулду. Китептин мазмунунун негизинде викторина өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө велосипед, самокат жана балдар үчүн чатыр белекке тапшырылды.
Мындан тышкары, катышуучулар логопед жана психологдордон акысыз кеңеш алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Бул иш-чара ар бир ата-энени өз баласынын келечеги үчүн жоопкерчилигин кайрадан ойлонууга чакырган маанилүү кадам болду.












