Мотивация, лидерлик жана келечек жөнүндө: Роза Отунбаеванын "Биздин айымдар"кыймылы менен жолугушуусу
January 19, 2026, 07:41
16-январда “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФ негиздөөчүсү, экс Президент Роза Отунбаева «Биздин айымдар» коомдук кыймылынын катышуучулары менен жолугушту. Иш-чара ачык баарлашуу форматында өтүп, актуалдуу маселелерди талкуулоо жана пикир алмашуу үчүн маанилүү аянтча болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө Роза Исаковна Афганистандагы иши тууралуу, кесиптик жана жашоодогу тажрыйбасы, ошондой эле коомдук жана мамлекеттик процесстердеги аялдардын ролу тууралуу көз карашы менен бөлүштү. Катышуучулар жеке, кесиптик жана коомдук мааниге ээ болгон, өлкөнүн өнүгүүсү, жарандык активдүүлүк жана аялдар лидерлиги тууралуу суроолорду беришти.
Жолугушуу жылуу жана мазмундуу атмосферада өтүп, мындан аркы өз ара кызматташтыкка мүмкүнчүлүк түздү, ошондой эле коомдук демилгелердин алкагында кызматташуунун мүмкүн болгон форматтарын талкуулоого жол ачты.
«Биздин айымдар» — бул лидер айымдар бири-бирин угуп, билим алып, тажрыйба бөлүшүп, колдоо көрсөтүп, бирге өнүгүүчү туруктуу платформа.


