Махатма Ганди жана азыркы Индия» илимий-практикалык конференциясы

May 24, 2016, 06:00

2016-жылдын 8-июнунда К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университетинде “Махатма Ганди жана азыркы Индия” илимий-практикалык конференциясы өттү. Иш-чараны «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Индиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин көмөгү менен уюштуруп жатат.

 

Конференциянын максаты – Гандинин идеяларынын маңызын, аларды азыркы индиялык коомго, жаштарга таасирин талкуулоо, ошондой эле өнүгүүнүн көптөгөн векторлору боюнча, анын ичинде илимий алмашуулар, изилдөөлөр, билим берүү жана маданият жагынан кыргыз-индиялык мамилелерди талкуулоо.

 

Конференцияга Кыргызстандын белгилүү илимпоздору, мамлекеттик жана коомдук ишмерлери, публицист-жазуучулары катышат.

 

Бул иш-чараны өткөрүүгө индиялык улуу гуманист жана агартуучу М.Гандинин кыргыз тилинде “Менин өмүр таржымакалым, же Чындыкка умтулуу жаатындагы тажырыйбаларым тууралуу” деген аталыштагы китебин басып чыгаруу негизги себеп болду.

 

Китепти КР экс-Президенти Р.И. Отунбаеванын демилгеси боюнча тарыхчы жана публицист Тынчтыкбек Чоротегин котормочулардын, тарыхчылардын жана лингвисттердин тобу менен бирдикте кыргыз тилине которду. Китеп Индиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин финансылык колдоосу менен 2000 нуска тираж менен чыгарылды.

 

Махатма Гандинин кыргыз тилиндеги китеби кыргыз окурмандарынын кеңири чөйрөсүнө ХХ кылымдын башындагы Индиянын татаал тарыхы, эбегейсиз зор держава – регион боюнча Кыргызстандын коңшусу өнүгүүгө карай жолдо аркалаган социалдык, саясий, экономикалык процесстер, маданий өзгөчөлүктөр менен таанышууга мүмкүндүк берет.

 

Китептин презентациясы илимпоздордун, дипломаттардын, эксперт – индологдордун катышуусу менен конференциянын алкагында өтөт.

 

Маалымат үчүн:

Мохандас Карамчанд Ганди (1869-1948) индиялык улуттук боштондук кыймылынын лидерлеринин бири, анын идеологу. Гандинин идеялары Индиянын көп миллиондогон калкынын аң-сезимин өзгөртүп, улуттук аң-сезимдин өсүшүнө, конфессиялар аралык жана касталар аралык диалогго, өлкөнүн тынч өнүгүшүнө карай бурулуш болуп калды.

 

Иш-чара саат 9.30да башталат.

 

Алда канча кеңири маалымат төмөнкүдөй номерлер боюнча: 0772 85 57 10, 0552 85 57 10