Чүй облусунун мектептеринде жемиш бактары отургузулат

March 22, 2016, 06:00

23-мартта Чүй облусунун Москва районунун Серетенка айылдык аймагынын Серетенка орто мектебинде акция башталат, анын максаты – мектептердин алдындагы жемиш бактарын өнүктүрүү жана бара-бара ысык тамакка өтүү үчүн шарттарды түзүүдө Чүй облусунун мектептерин колдоого алуу. Бул демилге «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду тарабынан көтөрүлгөн жана БУУ Азык-түлүк жана айыл чарба уюмдары (БАП) жана Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы (КИКБ) тарабынан колдоого алынган. «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ бул долбоор менен БУУ Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ БАП) «КР мектеп тамак-ашын оптималдаштыруу» долбоорун колдоо ирээтинде чыкканын белгилеп коюу керек.

 

2016-жылдын март айынын ичинде КР Чүй облусунун жалпы билим берүүчү 11 мектебинде жемиш бактары отуругузулат. А бир мектепте алманын, алмуруттун 200дөн ашуунун көчөттөрүн тигишет. Күтүлгөндөй, болочокто алынуучу түшүм мектептеги түшкү тамак-аштын сапатын жакшыртууга жана түрлөрүн арбытууга өбөлгө болот. Сегиз мектепте жемиш бактарын отургузуу «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ жана БАП өнөктөштүк долбоорлорунун жардамы менен мүмкүн болду, ал эми эки мектепке КИКБ жана бир мектепке «Глобалдуу ойлон, локалдуу иште» фондунун ЭКО-долбоору кошумча финансылык жардам көрсөттү.

 

Биринчи жемиш бак көчөттөрүн отургузууга КР экс-Президенти Роза Отунбаева, БУУ БАП КР өкүлү, доктор Дорджи Кинлай, БУУ БАП КР өлкөлүк директору Рам Сараванамутту, КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Б. Кудайбергенов, Москва районунун акими жана башка расмий адамдар, ошондой эле Сретенка мектебинин окуучулары жана алардын ата-энелери катышышат.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду кыйла сергек жана сарамжалдуу тамактанууга, сергек жашоо ыңгайын калыптандырууга жана табият менен таанышууга көмөктөшүү үчүн окутуучу платформа катары мектептердин алдында жемиш бакчаларын түзүүнү кубаттайт жана колдоого алат. КР экс-Президенти Роза Отунбаева Кыргызстандагы мектептердин жемиш бактары ошондой эле айыл чарбасы, тамактануу жана экономика жөнүндө сабактарды өткөрүү үчүн лаборатоия катары кызмат аткарышат деп эсептейт.

 

Ушул демилге мындан ары карай БУУ ВПП моделдери боюнча ысык тамак-ашка өтүү үчүн мектептерге өздөрүнүн мектеп алдындагы чарбаларын өнүктүрүүгө чакырылганын баса белгилөө маанилүү. Азыркы күндө КР 261 мектепте өлкөдөгү мектепте тамактануунун бүткүл тутумун оптималдаштыруу үчүн БУУ ВПП тарабынан сунуш кылынган мектеп тамак-ашынын жаңы модели киргизилген. Ошого эле жарыш БУУ ВПП ысык тамакка өз алдынча өтүүдө, сынамдык долбоорго кирбеген мектептерге консультативдик жана техникалык көмөктөрдү көрсөтүүдө. Жемиш бактары бул үчүн зарыл болгон шарттарды түзөт – мисалы, тамак-аштын сапатын жогорулатуу үчүн кошумча киреше берет. Күтүлүп жаткандай, өнөктөштөрдүн биргелешкен күч-аракеттеринен улам, 3000 ашуун мектеп окуучулары кыйла ар түрдүү тамактанууга мүмкүнчүлүк алышат.

 

«Балдарды сапаттуу, толук баалуу тамак менен камсыз кылууда жана мектептерди финансылык жактан колдоодо мектептердин алдындагы чарбалар негизги ролду ойношо, – деп айтты БУУ БАП КР өлкөлүк директору Рам Сараванамутту. – Мектепте тамактандырууну жана анын маанилүү компоненттеринин бири болгон мектеп чарбаларын өнүктүрүүдөгү биздин аракеттерибиз өнөктөштөр тарабынан колдоого алынганы абдан кубанычтуу. Жалпы күч-аракеттерибиз менен биз балдарга баласташкан тамактануу берүүчү мектептердин санын азыркыдан дагы арбыта алабыз».