Азыркы шарттарда милиционер айымдардын ролу: көйгөйлөр жана келечектер

March 2, 2016, 06:00

Кыргызстандын милиционер аялдарынын ассоциациясы түзүлгөндүгүнүн 5 жылдыгынын алдында 2016-жылдын 3-4-мартында Бишкек шаарында Мамлекеттик резиденцияда «Азыркы шарттарда милиционер айымдардын ролу: көйгөйлөр жана өнүгүү келечектери» деген эки күндүк эл аралык конференция өтөт. Иш-чара Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Борборунун, Улуу Британиянын Элчилигинин, БУУнун Баңги зат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ), БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) жана БУУнун Тынчтыкты жаратуу Фондунун көмөгү менен уюштурулду.

 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана Өкмөтүнүн, Жогорку Кеңешинин, Ички иштер министрлигинин жана башка ведомстволорунун, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун, эл аралык уюмдардын жана дипломатиялык миссиялардын, жарандык коомдун өкүлдөрү катышат.

 

Конференциянын жүрүшүндө милициядагы аялдардын гендердик шайкештигинин, ички иштер органдарындагы аялдардын ролунун жана ордунун, системаны өнүктүрүүдөгү алардын потенциалын жана салымын жогорулатуунун маселелери талкууланат. Катышуучулар ар кандай өлкөлөрдөгү полицей аялдардын ассоциацияларынын калыптанышы жана өнүгүшү жагынан тажрыйба бөлүшөт. Конференциянын 100дөн ашык катышуучулары укук коргоо органдарындагы аялдардын лидерлиги жана гендердик саясат, милицияда гендердик теңчиликти жана этностордун өкүлчүлүгүн алга илгерилетүүнүн, ошондой эле милициянын калк менен өз ара аракеттенүүсүнүн жана кодулоого жана гендердик зомбулукка чыдамсыздык маданиятын өнүктүрүүнүн өбөлгөсү катары менторлук маселелери боюнча тренингдердин сериясынан өтөт. Конференцияда Ассоциацияны өнүктүрүүнүн стратегиялык Планы сунуш кылынат, КР ички иштер органдарынын системасында гендердик баланска жетишүүнүн андан аркы кадамдары жана механизмдери аныкталат.

 

БУУ БКБ 2014-жылдын жайында жана 2015-жылдын жазында Кыргызстандын артыкчылыктуу райондорунда жана шаарларында жүргүзгөн КР ички иштер органдарындагы аялдардын ролу жана өкүлчүлүгү жагынан изилдөөлөрдүн натыйжалары КР ИИОдо айымдардын иш жүзүндөгү өкүлчүлүгүнүн жана КРнын мыйзам актыларында жана мамлекеттик саясатында жарыя кылынган гендердик теңчиликке жетишүү жагындагы принциптер менен ченемдердин ортосунда ажырым бар экенин көрсөтүп турат. Аялдар өлкөнүн калкынын 50,6%ын түзө тургандыгын эске алганда, КР ИИОнун аял кызматкерлеринин өкүлчүлүгүнүн деңгээли жалпы маалыматтарга коошпойт. Жагдайды өзгөртүү боюнча соңку жылдары көрүлүп жаткан чаралар азырынча түзүк натыйжа бербей жатат. Аялдардын милицияда кызмат өтөшү жергиликтүү жамааттардын салтына туура келбейт деп калыптанып калган эскичил көз караш али да болсо кеңири орун алган бойдон калууда.

 

Маалымат үчүн:

Кыргыз Республикасынын милиционер аялдарынын ассоциациясы 2010-жылдын 1-октябрында ЕККУнун Бишкектеги Борборунун колдоосу менен түзүлгөн. Ассоциация 2011-жылдан тартып Полицей аялдардын Эл аралык Ассоциациясынын мүчөсү болуп саналат жана анын региондук бөлүмдөрү өлкөнүн бардык областтарында жана райондорунда түзүлгөн.

2015-жылдын 1-январына карата абал боюнча, КР ИИОдо иштеген айымдардын жалпы саны КР ИИО системасынын кызматкерлеринин жалпы санынын 12,3%ын түздү. Аттестацияланган кызматкер аялдардын саны - 6,1%.