Пресс-релиз «Жайлоо бала бакчасы - 2015» жаңы сезондук ачылышына арналган тегерек стол

June 17, 2015, 06:00

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду 2014-жылы аймактардагы жайыт комитеттеринин, билим берүү мекемелеринин, демөөрчүлөрдүн жана башка активдүү катышуучулардын колдоосу менен жалпысынан өлкөнүн жайлоолорунда 35 бала бакча ачкандыгын билдирет. Бул долбоордун натыйжасында 800 дөн ашык балдар үчүн мектепке чейинки билим алууга, жашоо көндүмдөрүн ар тараптуу өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.


2015-жылы биздин Фонд жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте өлкө аймактарында жайлоолордо 80 ден ашык жайлоо бала бакча ачууну пландап жатат. Республикада 454 айыл округдарына караштуу жайлоолорго чыгышкан миңдеген балдар билимге, өнүгүүгө муктаж.


“Жайлоо бала бакчасы – 2015” долбоорунун алкагында балдарды ар тараптуу өнүктүрүү максатында педагогдор, окумуштуулар, жазуучулар, сүрөтчүлөр, балдар чыгармачыл борборлору, театрлар жана башка чыгармачыл мекемелер менен иштөө жана Төлөмүш Океевдин "Бакайдын жайыты" жана башка көркөм фильмдерди   жайлоолордо көрсөтүү пландалууда.


Ушуга байланыштуу 19 июнда саат 10:30 Экономика Министрлигинин 211 кабинетинде (2-этажда) “Жайлоо бала бакчасы - 2015” жаңы сезондук ачылышына арналган тегерек стол өтмөкчү.


Бул тегерек столдо жайлоо бала бакчасы долбоорунун бул жылга карата даярдыктары, киргизилген жаңылыктар жөнүндө маалымат берилет. Бул жолугушууда сиздер менен кызматташтыкта “Жайлоо бала бакчасы” долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу, жайыт колдонуучулар үчүн ар кыл фильмдерди сунуш кылуунун жол-жоболору, жайлоодогу балдарды ар тараптуу өнүктүрүү боюнча мүмкүнчүлүктөр, кызматташтыктар талкууланат.

 

 

Кошумча маалымат үчүн төмөнкү даректер боюнча кайрылсаңыздар болот - Мамаева Б.М., тел. 0312 66 03 82; 0558 67 88 99.