Жайлоо бала бакчаларынын тарбиячылары жана жайыт комитеттеринин башчылары үчүн тренинг

June 6, 2015, 06:00

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду Баткен, Жалал-Абад, Ош областарынын «Жайлоо бала бакчалары - 2015” долбооруна катышкан жайыт комитеттери жана тарбиячылар үчүн эки күндүк тренинг, 2015 – жылдын 8-9 июнунда Ош билим берүү институтунун базасында өтөт. Тренинге Баткен, Кадамжай, Лейлек, Сузак, Аксы, Алай, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Араван, Базар-Коргон, Ала-Бука, Токтогул, Чаткал райондорунан жалпы 60 тан ашык өкүл катышат.


2015 жылы жай айларында Кыргызстандын бардык областарынын тоолуу аймактарында 100 жайлоо бала бакча ачуу пландалууда. Жайлоо бала бакчаларында тоолуу аймактарда жашаган мекендештерибиздин балдары үч ай бою күнүгө үч сааттан окуп, бири-бири менен эриш аркак иштеп, ар тараптан өнүгүүгө мүмкүнчүлүк алат.


Учурда 7 облусубуздун тоодогу конуштарында 85 бала бакчанын ачыла тургандыгы такталды. Жайлоо бала бакчасы символикалуу гана аталыш. Көк шиберден орун алган бул боз үйлөрдү жайлоо шартында жашаган балдарды өнүктүрүү борбору деп түшүнсөк болот. Бул жакка 3 жаштан 12 жашка чейинки балдар келишип, ар күнү 3 саат чогуу өткөрүшөт. Ар кыл курактарга арналган атайын программа иштелип чыкты. Бул борборлорго бекитилген педагогдордон тышкары, сүрөтчүлөр, шахматисттер, окумуштуулар, инженерлер, тренерлер, искусство чеберлери, белгилүү адамдар, чет-өлкөлүк өнөктөштөр келип, мастер-класстарды мезгил-мезгили менен көрсөтүп турушат. Балдарга өнөр үйрөтүшөт. Андан тышкары ата-энелер, жайыт колдонуучулар үчүн балдарды туура тарбиялоо, курактык психология, үй-бүлөлүк тарбияда атанын орду сыяктуу тренингдер, мастер-класстар болот.


Жайлоо бала бакчаларын ачуу “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун демилгеси менен Жайыт департаменти, Жогорку окуу жайлары,Балдар чыгармачыл борборлору, Райондук билим берүү мекемелери, Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашат. Бул долбоор малчылардын балдарын камтууга мүмкүндүк берет. «Жайлоо бала бакчалары» модели мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүк жагынан айылдык жана шаардык райондордун ортосундагы ажырымды кыскартууга көмөктөшөт.


Тренинг “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду, И. Арабаев атындагы мамлекеттик университети, Ага Хан фонду, Ош билим берүү институтунун кызматташтыгында өтөт.


Тренингде жайлоо бала бакчаларына атайын түзүлгөн жаңы окуу программасы түшүндүрүлөт, жайлоо бала бакчасынын паспортун толтуруу эрежелери жөнүндө айтылат жана бул мезгилге чейинки жайлоо бала бакчаларынын тажрыйбасы, жайлоо бала бакчаларынын өзгөчөлүктөрү сыяктуу маселелер каралат. Мындан тышкары балдарды окутуудагы ар кандай интерактивдүү жолдор көргөзүлөт.

 

Кошумча маалымат алуу үчүн (0312) 66 03 82, (0556) 54 91 54 телефондоруна кайрылсаңыздар (Арстанбек Сагынтай уулу) болот.