Табигый-илимий дисциплиналарынын мугалимдери үчүн семинар-тренинг болуп өттү

March 18, 2013, 06:00

15 – мартта И.Арабаев атындагы КМУде табигый – илимий дисциплиналарынын мугалимдери үчүн “Биздин жашоодогу илим. Вена шаарындагы, Илим борборунун тажырыйбасы” семинар-тренинги болуп өттү.

Семинар-тренинг “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду менен биргеликте Вена шаарындагы (Австрия) Илимий борбор тарабынан, Кыргыз Республикасынын билим жана илим министирлигинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чаранын ачылышына Австриянын биринчи айымы Маргити Фтишер, Кыргызстандын биринчи айымы Раиса Атамбаева, экс-президент Роза Отунбева, эл агартуучулар, илимий жана коомдук ишмерлер катышышты.

Өзүнүн кириш сөзүндө Р.Отунбаева Кыргызстан кичинекей жана жаш мамлекет экендигин белгилеп кетти. “Илим бөбөктөрдүн үч жашка чейин гений болорун далилдеген, ал эми болсо алар менен менен тынымсыз иштеп, балдарыбыздын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүбүз абзел. Биздин мамлекте 1 млн. ашык балдар жашайт. Биздин максат – бул модалуу болгон бизнес, финансы, юристпруденция өңдүү дисциплиналардан тышкары табигый илимдердин бар экендигине өзгөчө көңул буруу. Кыргызстан экономикадан жашылданат. Энергетика жана тоо-кең өнөржайы – биздин эки канатыбыз, а бирок канткенде биздин балдар инженер болууга умтулуушат? ” – деген суроо узатты экс-президент. “Эртеңки күнү квалификациялуу адистерди алуу үчүн, учурда мектептеги билим берүүгө максималдуу көңүл буруу керек”- деп баса белгиледи Роза Исаковна.

Өз учурунда М.Фишер өзү жетектеген Венадагы (Австрия) Илим борбору жаштар жана балдар арасында илимди пропагандалоо иштерин жүргүзгөн илимий борборлордун тармагын элестетерин кабарлады. Учурда тармактын 130 өнөктөштөрү бар – бул музейлер, компаниялар, билим жана илим мекемелери ж.б. “биз мындай борборду 20 жыл мурун ар кыл илимий тармактарды бириктирүү максатында түзгөнбүз” – деп билдирди биринчи айым.