Мугалимдер үчүн мектептерде энергияны үнөмдөө жөнүндө лекция окушат

April 14, 2015, 06:00

Бүгүн, 14-апрелде, Бишкектин мектептеринин мугалимдери үчүн «Мектептерде энергияны үнөмдөө чаралары» деген темада лекторий өтөт. Бул жөнүндө «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун басма сөз кызматы билдирет.

 

Көрсөтүлгөндөй, №65 экологиялык-экономикалык лицейде өтө турган төртүнчү лекция балдар окуган чөйрөнүн сапатын жакшыртууга багытталган.

 

Экология боюнча лекторийди «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Бишкек шаарынын Мэриясынын билим берүү башкармалыгы менен кызматташтыкта жана борбор шаардын экологиялык уюмдарынын жигердүү катышуусу менен уюштурду.

 

«Бүгүн лекцияны "БИОМ" экологиялык кыймылы өткөрөт. Лекторийдин максаты экологиялык мобилизациялоону жана агартууну, экологиялык маданиятты жана экологиялык аң-сезимди алга илгерилетүү, ошондой эле сергек жашоо ыңгайын пропагандалоо жана экологиялык жоопкерчилик сезимин тарбиялоо болуп саналат», – деп билдирди уюштуруучулар.

 

Мугалимдер үчүн лекторий «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун жана III Билим берүү фестивалынын алкагында өткөрүлүп жатат деп белгиленүүдө. 24-апрелде экофестиваль – К. И. Скрябин атындагы КУАУда, 25-апрелде Бишкектин ортосунда жети аянтчада өткөрүлөт.

Вечерний Бишкек