“Эртең жаз!” кайрымдуулук концерти болуп өттү

March 1, 2013, 06:00

28 февраль 2013 ж. К. Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясынын чоң залында “Эртең жаз! Жыл мезгилдери музыка искуствосунда” концерти болуп өттү. Бул “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду, Бишкек шаарынын Мэриясы, Консерватория жана “Арыш”, “Эрайым” фонддору тарабынын уюштурулган “Музыка менен биргеликте” циклынан сегизинчи концерт-лекция. 

Эске салсак, “Музыка менен биргеликте” кайрымдуулук музыкалык-билим берүүчү долбоордун негизги максаты жаңы муундун угуучуларына эстетикалык тарбия берүү, дүйнөлүк жана улуттук музыкалык классика менен тааныштыруу, жаш таланттарды алып чыгаруу болуп эсептелет.