Кыргыз айымдарынын лидерлиги дагы көп убакытка созулары анык.

March 6, 2013, 06:00

Дэвид Гёзер, Бордо Университеинин Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү, Francekoul.com француз сайтына берген интервьюсунда Борбор Азиянын айымдарынын өзгөчө спецификасы тууралу айтып берди. 

Дэвиддин айтымында бүткүл аймакты башкарууга алып, жетектеп келген өзгөчө аялзатын Кыргызстанда гана кезиктирүүгө болот. Бул эки диндин жуурулушкандыгынын кесепети. Себеби башчы аялдар эң алгач Енисейден келген кыргыз бешигинде да айтылат. Бул Теңирдин жубайы, жер эненин кудайы – Умай Эне. Ал эми Манас эпосунда айтылгандай, Манас жүрүшкө чыкканда, башкарууну өзүнө анын аялы Каныкей алган. Бирок эң эле белгилүү жетекчи аял болуп Курманжан Датка кала берет экендигин изилдөөчү айтып өттү. Ал өз жолдошу Алымбек Датканын өлүмүнөн кийин анын саясий мурасын катаал учурга карабастан сактап калганга үлгүрдү. 

“Курманжан Датка Борбор Азиядагы башка саясий ишмер аялдарды шыктандырды. Эң алгач бул көрүнүш Совет бийлиги таянган күчтүү аялзатынын динге каршы күрөшүндө белгиленди. Алардын эң эле белгилүүсү Совет бийлигинин турушунда эркиндик үчүн күрөшкөн биринчи аял Уркуя Салиева жана социалисттик эмгектин үч жолку баатыры Зууракан Кайназарова болгон ”, – деп белгиледи серепчи. Ошондой эле серепчи Борбор Азиядагы биринчи президент айым, Роза Отунбаеваны баамдады. 

Роза Отунбаева — философиянын профессору жана тажырыйбалуу дипломат — эч ойлонбостон өткөөл мезгилдеги президенттин кызматын кабыл алды. Ал өз бийлигинин негизине Курманжан Датканын окутуусун тургузду. Андан сырткары, Роза отунбаевага 2010 – жылдын июнь айында мамлекеттин түштүгүндө болуп өткөн улуттар аралык коогалаңды басаңдатууга туура келди. “Менин оюмча, кыргыз айымдарынын лидерлиги дагы узак убакытка созулат” – деп аяктады Гезер.


CA-NEWS