Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу – 2015-жылдагы Дүйнөлүк ден соолук күнүнүн темасы

April 7, 2015, 06:00

Апрель – жаздын ортосу, жаратылыш ойгонуп, бардыгын эң башынан баштоону, жакшылык кылууну жана өткөндүн каталарын кайталабоону каалаган мезгил. Дал ушул жазгы жакшы демдин аркасында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму же кыскача ДСУ түзүлгөн. Бир нече жылдан кийин аны түзүү күнүнө карата эл аралык майрам – Дүйнөлүк ден соолук күнүн уюштуруу чечими кабыл алынган. Дал дүйнөлүк! Эгерде орто кылымдарда жугуштуу оору планета боюнча таралышы үчүн жылдар талап кылынган болсо, азыр заманбап транспорт менен таралышы үчүн бир нече саат эле жетиштүү. Планетада адамдын өмүрүн биргелешип гана сактоого болот!

 

Бул датаны белгилөө зарылчылыгы дүйнөдө медициналык кызматкерлер таптакыр жетишсиздигинин фактысынан келип чыгат. Өзгөчө Сахарадан түштүк жактагы Африка өлкөлөрүндө жетишпейт, ал жакта, айрым маалыматтар боюнча, 700 миллион адамга 700 миң гана медик туура келет, башкача айтканда, миң адамга бир кызматкер (мисалы, жөнөкөй эле карап туруучу адам) туура келет.

 

Иш жүзүндө, Дүйнөлүк ден соолук күнү – бул күчтүү жана дүйнөнү башкарган адамдардын көңүлүн саламаттык сактоо маселелерине бурууга арналган дагы бир майрам. Саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесибине көңүл буруу, алар өзүнүн татаал жана баа жеткис эмгеги үчүн иш жүзүндө болор-болбос тыйын алат. Планетада азырынча айыкпас ооруга кабылган жана материалдык жардамга, моралдык колдоого муктаж жарандардын категориясы бар экенине көңүл буруу. Алардын арасында балдар да, карылар да, жаштар да бар.

 

Ооруларга каршы күрөшүү врачтардын ишине гана байланыштуу эмес. Анын ийгилиги адамдардын өзү үчүн алда канча дени сак келечекти түзүүнү, өзү жашаган чөйрөнүн бузулушун четтетүүнү жана өзүнүн жүрүш-турушун өзгөртүүнү түшүнгөндүгүнө жана каалагандыгына байланыштуу.

 

ДСУ иштеп жаткан мезгилдин ичинде адамзат көптөгөн ооруларды жеңе алды. Бул күрөштө: пенициллинди, инсулинди жана антибиотиктерди ачуу, жаңы вакциналарды ойлоп табуу, дүйнөдөгү балдардын 80%ын иммунизациялоо, санитария жана гигиена чараларын өркүндөтүү, ошондой эле чечекти толук жоюу маанилүү жетишкендиктер болуп калды. Бул ийгиликтердин көпчүлүгүнө максатка багытталган эл аралык кызматташтык болмоюнча жетишилмек эмес.

 

Дүйнөлүк ден соолук күнү (World Health Day) жыл сайын 7-апрелде 1948-жылы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (World Health Organization, WHO) түзүлгөн күнү белгиленет. Азыр бул уюм 200дөн ашык өлкөнү камтыйт. Анын штаб-квартирасы Женевада, Швейцариянын эң кооз жана эң бейпил шаарында жайгашкан. Жыл сайын Ден соолук күнүн өткөрүү 1950-жылдан тартып салтка айланды.

 

2015-жылы Күндүн темасы «Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу» болуп калды

 

Маселенин тарыхы 

 

Коопсуз эмес тамак-аш азыктары жыл сайын 2 миллионго жакын адамдын, көбүнесе балдардын өлүмгө учурашы менен байланышкан. Тамак-ашта камтылган патогендүү бактериялар, вирустар, мителер же химиялык заттар диареядан тартып ракка чейинки 200дөн ашык илдеттин себепчиси болуп саналат.

 

Тамак-аш азыктарынын коопсуздугуна жаңы коркунучтар дайыма пайда болуп турат. Тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн технологияларындагы, аларды бөлүштүрүүдөгү жана керектөөдөгү өзгөрүүлөр; улам жаңы пайда болуп жаткан патогендер; бактериялык байымдуулук – бардык ушул факторлор тамак-аш азыктарынын коопсуздугунун улуттук системалары үчүн көйгөйлөрдү түзөт. Калктын көчүп жүрүшүнүн жана сооданын активдешүүсү коопсуз эмес азыктардын эл аралык таралышынын ыктымалдуулугун күчөтөт. 

 

Тамак-аш азыктарынын коопсуздугунун беш принциби

 

Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу – бул биргелешкен жоопкерчилик. Коопсуздук фермерлер менен өндүрүүчүлөрдөн тартып сатуучуларга жана керектөөчүлөргө чейин тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн бүткүл чынжырчасында камсыз кылынууга тийиш. Мисалы, ДСУнун «Коопсуз тамак-аштын беш маанилүү принциби» деген материалында тамак-аш азыктарын тазалоо жана даярдоо жагынан сатуучулар жана керектөөчүлөр үчүн төмөнкүдөй практикалык көрсөтмө берилет.

 

1-принцип: Азыктарды таза сактагыла

2-принцип: Чийки азыктарды жылуулук менен тазаланган азыктардан өзүнчө бөлгүлө

3-принцип: Азыктарды жылуулук менен кылдат тазалагыла

4-принцип: Жылуулук менен тазалоо зарыл температурада жүргүзүлөт

5-принцип: Коопсуз сууну жана коопсуз чийки азыктарды колдонгула.

 

2015-жылдагы Дүйнөлүк ден соолук күнү ар кандай өкмөттүк секторлордо иштегендердин, фермерлердин, өндүрүүчүлөрдүн, чекене сооданын, медициналык кызматкерлердин, ошондой эле керектөөчүлөрдүн көңүлүн тамак-аш азыктарынын коопсуздугунун маанилүүлүгүнө жана ар кандай адам өзүнүн табагына салынган тамак керектөө үчүн коопсуз экенине ишеничти сезе алгыдай абалды камсыз кылуу үчүн ар бир адам кандай роль ойной ала тургандыгына буруу мүмкүнчүлүгүн берет.