Бишкектин алты мектебинде 1000ден ашык бак отургузушат

April 3, 2015, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында 3-4-апрелде Бишкектин алты пилоттук мектебинде көчөттөр отургузулат. Бул акция Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен бирдикте «Жашылдандыруу фондунун» колдоосу аркылуу уюштурулду, ал 2012-жылы «Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банк» (KICB) ЖАКнын демилгеси боюнча Ага Хана Фондунун, КР Коомдук Телерадиокомпаниясынын жана Бишкек шаарынын Мэриясынын колдоосу менен түзүлгөн. Адатта ушул ар жылдагы иш-чарага Ага-Хан Өнүктүрүү Тармагы жана «Кумтөр Голд Компани» катышат.

 

Туура отургузууну уюштуруу үчүн эко-эксперттер Э.Д. Шукуров жана И.Домашов чакырылды, алар өзүнө бактардын, бадалдардын түрлөрүнүн жана формаларынын ар түрдүүлүгүн камтыган туруктуу өсүп турган системаны өнүктүрүү үчүн ар бир мектеп боюнча сунуштарды берди. Ошондой эле акцияны уюштурууга жана өткөрүүгө Ботаникалык бакча, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык университет (КУАУ) жана "Зеленстрой" муниципалдык ишканасы көмөк көрсөттү.

 

Бактарды отургузуу үчүн №91, №83, №78, №72, №51 жана №2 пилоттук мектептер тандалган. Бул иш-чаранын максаты мектептердин аймагында жагымдуу микроклиматты түзүү болуп саналат, анткени мектептин жанын жашылдандыруу ар кандай мектептин жанындагы участокту көрктөндүрүүнүн милдеттүү курамдарынын бири болуп эсептелет.

 

«Курчап турган чөйрөнү коргоо биздин банктын корпоративдик философиясынын бир бөлүгү болуп саналат. KICB’нын миссиясы экологияны сактоо маселесине жаш муундун көңүлүн буруу болуп эсептелет. Мектептерде бактарды отургузууну уюштуруп, биз экология маселесине мектеп окуучуларынун көңүлүн бурууга жана жаңыча мамилесин түзүүгө ниеттенебиз. Бүгүнкү күндө биз отургузган 1000ден ашык бак эртеңки күндө өсө баштайт жана мектеп окуучуларынын келечектеги муунун кислород менен камсыз кылат. Биз муну шаарыбыздын жана балдарыбыздын келечегине өз салымыбызды кошуу үчүн жасап жатабыз», -деп айтты «Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банк» (KICB) ЖАКнын Башкармалыгынын төрагасы Кванг Янг Чой.

 

Маалымдама:

«Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банк» (KICB) ЖАК 2001-жылы түзүлүп, Кыргызстандагы эң ири коммерциялык банк болуп калды. Банктын акционерлери болуп Кыргыз Республикасы (10%) жана бүткүл дүйнөгө белгилүү финансылык институттар (90%) саналат. Эл аралык акционерлердин курамына төмөнкүлөр кирет: Ага-Хан Экономикалык өнүктүрүү фонду (AKFED) - 21%, Хабиб Банк Лимитед (HBL) -18%, Немец Өнүктүрүү Банкы (DEG) -17%, Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкы (EBRD) -17%) жана Эл аралык Финансылык Корпорация (IFC) - Дүйнөлүк Банктын тобунун мүчөсү - 17%.