12 – апрель – бул жөн гана авиация жана космонавтика күнү эмес. Бул жалпы адамзатынын космос мейкиндигине жол ачкан замандын башталышы!

April 12, 2013, 06:00

Асман мейкиндигин багындырып, көккө учуу кыялы илгертен адам баласын кызыктырып келген. Жер үстүнө көтөрүлүп, куштай сызып бийиктиктен ааламга көз чаптыруу кол жеткиз жомок эле. 

Адам жараткан учкуч апараттары жөнүндө маалымат Байыркы Грек жазмаларында белгиленет. Б.з.ч. 400 жыл мурда байыркы грек философу, математик, астроном, мамлекеттик ишмер жана стратег Архит Тарентский алгачкылардан болуп учкуч аппаратын иштеп чыккан. Маалымат боюнча ал аппарат куштун сөлөкөтүндө жазалып, 200 чакырым аралыкка уча алган. 

Ал эми заманбап учактар жөнүндө айта турган болсок, анда алардын ар түрдүүлүгү абдан чоң. Алар: дирижабльдер, вертолёттор, дельтапландар, самолеттор, ракеталар жана башкалар. Учурдун мындай “сыйкырын” өз кол менен жасап, асманга учуруу мүмкүнчүлүгү келе жаткан БИЛИМ ФЕСТИВАЛЫНЫН алкагында өтчү “Билимбектин лабараториясы” аттуу интерактивдүү аянтчада болот. Иш-чара Бишкек шаарында, 18-19 май күндөрү өтөт. 

Фестивалда “Алтын Түйүн” Республикалык балдар инженер-техникалык академиясы техникалык моделдештирүү боюнча мастер-класс өткөрөт. Асманда, жер үстүндө жана сууда жүрүүчү унаалардын техникалык моделдештирүүсүнүн негиздерин үйрөнүүнү каалагандарды чакырабыз. Өздүк самолет же ракетаны, машина же кемени жасоо мүмкүнчүлүгүн колдон кетирбеңиздер. “Билимбектин лабараториясы” интерактивдик аянтчада өзүбүз жасаган асман жыланын абага учуралы! 

Фестиваль жана башка интерактивдик аянтчалар тууралуу кийинки сайттардан тааныша аласыздар www.roza.kg жана www.facebook.com/festobrazovania.kg.