Кыргызстан Аялдарынын Улуттук Форумун талкуулоо жана өткөрүү боюнча жумушчу жолугушуу

February 5, 2015, 06:00

4-февралда Экономика министрлигинин жыйын залында Кыргызстан Аялдарынын биринчи Улуттук Форуму жагынан аялдар активисттеринин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, аялдар ассоциацияларынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жумушчу жолугушуу өттү.


Форумду өткөрүү Кыргызстан аялдар кыймылынын 90 жылдыгы, Пекинде Дүйнөлүк Аялдар Форумун өткөрүү учурунан тартып 20 жыл, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Тынчтыкты сактоодо, тынчтыкты жаратууда жана чыр-чатактан кийин калыбына келтирүүдө аялдардын салымын таануу боюнча 1325 резолюциясынын 15 жылдыгы сыяктуу маанилүү даталарга туш келтирилген.


КР экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун уюштуруучусунун саламдашуу сөзүнөн кийин ЖК депутаттары, Президенттин аппаратынын өкүлдөрү жана өкмөттүк эмес уюмдардын жана кесиптик ассоциациялардын лидерлери сөз сүйлөдү. Р. И. Отунбаева пландаштырылып жаткан Форумдун программасын сунуш кылды, ошондой эле иш-чараны ойдогудай өткөрүү үчүн жакынкы айга негизги милдеттерди белгиледи.


 


Форум коомдук турмуштун өтө актуалдуу маселелери боюнча бардык аялдардын, өкмөттүк жана өкмөттүк эмес түзүмдөрдүн күч-аракеттерин баш коштурууга багытталган. Соңку жылдары жумушсуздуктун жогорку деңгээли, миграциянын өсүп жаткан деңгээли, климаттын өзгөрүшү, аларды чечүү үчүн биргелешкен күч-аракеттерди талап кылган аялдар топторунун радикализациясы сыяктуу жаңы көйгөйлөр пайда болду.


2-мартта Форумдун катышуучуларына аялдардын экономикалык жана саясий укуктарынын маселелери, билим берүү, саламаттык сактоо жана сот адилеттигине жеткиликтүүлүк боюнча панелдик дискуссияларга катышуу мүмкүнчүлүгү берилет.


3-мартта Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда салтанаттуу кырдаалда панелдик отурумдардын биринчи күнүнүн жыйынтыктары чыгарылат. Форумдун алкагында ошондой эле аялдардын абалын жакшыртуу боюнча инновациялык идеялардын жана практиканын көргөзмөсүн өткөрүү белгиленген.


 


Жумушчу жолугушуунун катышуучулары белгиленген форумду өткөрүүнү бир добуштан колдоду, бир катар маанилүү баалуу идеяларды жана сунуштарды айтты. Финансылык салымдар жана уюштуруу күч-аракеттери боюнча бир катар маселелер талкууланды, алар белгиленген Форумду өткөрүүнүн пайдасына тез арада чечүүнү талап кылат. Форум башталганга чейин болгону бир нече жума калды, бирок биргелешкен күч-аракеттер менен мыкты натыйжаларга жетишүүгө болот, деп белгиледи уюштуруучулар.

 

Кошумча маалымат үчүн Форумдун уюштуруу комитетинин координатору Султанова Риммага кайрылууну өтүнөбүз, тел. 0551 677 477, e-mail rimma08@gmail.com