Кыргызстан Аялдарынын Улуттук Форумуна чакыруу

February 2, 2015, 06:00

2015-жылы дүйнө кыз-келиндердин абалын жакшыртуу боюнча Пекин аракеттер Платформасы кабыл алынган учурдан тартып 20 жылдыкты, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Тынчтыкты сактоодо, тынчтыкты жаратууда жана чыр-чатактан кийин калыбына келтирүүдө аялдардын салымын таануу боюнча 1325 резолюциясы кабыл алынышынын 15 жылдыгын белгилейт. Биздин өлкөдө Кыргызстан Аялдар кыймылынын 90 жылдыгы белгиленет.


Кыргызстандын аялдар коомчулугу, өкмөттүк эмес уюмдары бүткүл республикадан жана башка өлкөлөрдөн 1000ден ашык адамдын катышуусу менен 2015-жылдын 2 – 3-мартында Кыргызстан Аялдарынын Улуттук Форумун өткөрүү демилгесин көтөрүп чыкты. БУУ – Аялдар бул саамалыкты колдойт.


Форумдун максаты улуттук аялдар кыймылынын диалогу жана кызматташтыгы үчүн платформаны түзүү, кыз-келиндердин укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, туруктуу өнүктүрүү жана демократиялык башкаруу, Пекин+20 процессинин контекстинде динден тышкары болуу максатында аялдардын жана эркектердин күч-аракеттерин бириктирүү болуп саналат, бул келечектеги он жылда бүткүл өлкөнүн жана республикабыздын жарандарынын андан ары өнүгүшү үчүн дем берет.


Форумдун алкагында төмөнкүдөй 4 тема кең-кесири каралат:


  1. Аялдардын саясий укуктары
  2. Аялдардын экономикалык укуктары
  3. Аялдардын социалдык укуктары
  4. Сот адилеттигине жеткиликтүүлүк

Катышуучулар тиешелүү тармактардагы эксперттерди тартуу менен секциялардын ишинин алкагында конференциялардын төрт багытын талкуулоо мүмкүнчүлүгүн алат. Учурдагы кырдаал иликтенет жана ар бир тема боюнча сунуштар баяндалат.


Секциялардын ишинин натыйжалары 2015 – Аялдардын Улуттук Форумунун Резолюциясында чагылдырылат жана борбордук бийлик органдарынын өкүлдөрүнө, жооптуу адамдарга, ошондой эле эл аралык жана улуттук НПОлорго сунуш кылынат.


Аялдардын Улуттук Форумуна катышуу үчүн Сизден конференциянын темасын тандоону, анкетаны толтурууну (№ 1 тиркеме) жана аны уюштуруучулардын тиешелүү электрондук дарегине жөнөтүүнү өтүнөбүз.


Заявканы берүүнүн акыркы мөөнөтү 10-февраль, 17:00.



Конференциялардын темалары

Жооптуу уюмдар

Электрондук дарек

1

Аялдардын саясий укуктары

Демократия үчүн аялдардын дискуссиялык клубу

 discussionclub@gmail.com

2

Аялдардын экономикалык укуктары

Курак Аялдар Форуму

forum.kurak.pa@gmail.com

3

Сот адилеттигине жеткиликтүүлүк

«Ачык линия» коомдук фонду

kgopenline@gmail.com

4

 Аялдардын социалдык укуктары:


- Репродуктивдүү жана сексуалдык ден соолукка укук

«Репродуктивдүү ден соолук боюнча альянс» коомдук бирикмеси

rhak@infotel.kg


- Билимге укук

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду

office@roza.kg



Кыргызстан Аялдарынын Биринчи Улуттук Форумунун алкагында көргөзмө уюштурулат, ага сиз да катыша аласыз, бул үчүн Жобо (№ 2 тиркеме) менен таанышуу зарыл.


Форум өкмөттүк жана өкмөттүк эмес уюмдарды, бизнестин, саясаттын, кесиптик бирликтердин, иш берүүчүлөрдүн уюмдарынын өкүлдөрүн, илимпоздорду, маданият ишмерлерин, журналисттерди жана жер-жерлердеги активисттерди бириктирет.


Форумдун катышуучуларын жигердүү жарандык позициясын, жүйөөлөрүн жана өзү салым кошууга жана улуттук платформанын идеяларын илгерилетүүгө инвестициялоого даярдыгын көрсөтүү үчүн өзүнүн катышуусуна акы төлөөгө чакырабыз.