Кыргызстан Аялдарынын Улуттук Форуму 2015-жылдын 2-3-мартында өтөт

January 29, 2015, 06:00

2015-жылы дүйнө кыз-келиндердин абалын жакшыртуу боюнча Пекин аракеттер Платформасы кабыл алынган учурдан тартып 20 жылдыкты, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Тынчтыкты сактоодо, тынчтыкты жаратууда жана чыр-чатактан кийин калыбына келтирүүдө аялдардын салымын таануу боюнча 1325 резолюциясынын 15 жылдыгын белгилейт. Биздин өлкөдө Кыргызстан Аялдар кыймылынын 90 жылдыгы белгиленет.

 

Кыргызстандын аялдар коомчулугу, өкмөттүк эмес уюмдары бүткүл республикадан жана башка өлкөлөрдөн 1000ден ашык адамдын катышуусу менен 2015-жылдын 2 – 3-мартында Кыргызстан Аялдарынын Улуттук Форумун өткөрүү демилгесин көтөрүп чыкты. БУУ – Аялдар бул саамалыкты колдойт.

 

Форумдун максаты улуттук аялдар кыймылынын диалогу жана кызматташтыгы үчүн платформаны түзүү, кыз-келиндердин укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, туруктуу өнүктүрүү жана демократиялык башкаруу, Пекин+20 процессинин контекстинде динден тышкары болуу максатында аялдардын жана эркектердин күч-аракеттерин бириктирүү болуп саналат, бул келечектеги он жылда бүткүл өлкөнүн жана Республикабыздын жарандарынын андан ары өнүгүшү үчүн дем берет.

 

Өткөн дээрлик жарым кылым мезгил ичинде биздин аялдардын – саясий, экономикалык, билим берүү, социалдык – өнүктүрүүдөгү жетишкендиктери суктанууну жана таң калууну пайда кылат. Кыргызстан аялдарынын эмансипациясында, гендердик теңчиликке жетишүүсүндө советтик мезгил өзгөчө үзүрлүү болду. Бирок өткөөл мезгилдин көйгөйлөрү жана оорчулуктары аялдардын – өлкөнүн башкы адам ресурстарынын биринин потенциалын, жаш көзкарандысыз демократиялык мамлекетти жана коомду курууга анын баа жеткис, толук баалуу салымын ачып көрсөтүүгө кедерги болуп жатат. Форум маселелердин бышып-жетилген чөйрөсүн талкуулайт, курч көйгөйлөрдү чечүү жолдорун сунуш кылат, өлкөнүн аялдар кыймылынын алдында бир нече жылдарга багыттарды жана стимулдарды берет.

 

Ондогон жылдар бою Кыргызстанда аялдардын билим деңгээли эркектерге караганда жогору (университеттерде кыз-келиндер студенттердин санынын 54%ын түзөт). Ошого карабастан, демейде жетекчи кызматтарда аялдардын өкүлчүлүгү алда канча төмөн. Статистика боюнча, аялдар мамлекеттик кызматчылардын 42%ын түзөт, деген менен алардын абсолюттук көпчүлүгү орто жана төмөн администрациялык кызмат орундарын ээлейт. Чечимдерди кабыл алуудан аялдарды бара-бара сүрүп чыгаруу жана жергиликтүү шайлоолорго катышууга ниеттенген аялдардын санын кыскартуу тенденциясы сакталып калууда. 2008-2009-жылдардагы жергиликтүү деңгээлдеги соңку шайлоолордо жергиликтүү кеңештерге мүчө аялдардын саны 2004-жылдагы шайлоого салыштырганда 12%га төмөндөдү жана болгону 13,4%га жетти. Парламентке мүчө аялдардын саны 25%дан (2007-жылдагы) 2010-жылдагы парламенттик шайлоодон кийинки 20%га чейин кыскарды.

 

Рыноктук реформаларга аялдардын катышуусу төмөндөтүлгөн. Экономиканын өзөктүү тармактарында чечимдерди эркектер гана кабыл алат. Ачык акционердик коомдордун, ири мамлекеттик ишканалардын директорлор кеңештеринде аялдар өтө эле аз. Чоң жана орто бизнесте аялдар аздык кылат. Аялдардын басымдуу көпчүлүгү микрокредиттик уюмдардын кардарлары, өз ара жардам топторунун мүчөлөрү болуп саналат. Алар өздөрүнүн чаалыкпас, машакаттуу иши менен рыноктук экономиканын негиздерин түптөп, бирок экономиканын жертөлөсүнөн жана төмөн кабаттарынан өйдө көтөрүлө албай жатат. Өлкөдө кедейлер негизинен аялдар.

 

Аялдардын, өзгөчө этностук азчылыктардагы жана айылдык аялдардын укуктарын жана алардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн бузууга каршы күрөшүү үчүн сот реформасына курч зарылчылык бар.

 

Эненин жана баланын өлүмгө учурашынын жогорку коэффициенти, формалдуу эмес сектордо аялдарды укуктук жана социалдык коргоонун чектелүүлүгү, анын ичинде эмгек миграциясы, экономикалык жана жаратылыш ресурстарына жеткиликтүүлүктүн чектелүүлүгү; мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн чектелүү жеткиликтүүлүгү жана канааттандырарлыксыз берилиши; эрте никеге туруу, кеңири орун алган үйдөгү, сексуалдык жана гендердик зомбулук – бардык ушул маселелер биздин биргелешкен иш-аракетибизди, күч-кубатыбызды, ресурстарыбызды, татаал көйгөйлөрдү чечүү жолдорун издөөнү талап кылат.

 

Форум өкмөттүк жана өкмөттүк эмес уюмдарды, бизнестин, саясаттын, кесиптик бирликтердин, иш берүүчүлөрдүн уюмдарынын өкүлдөрүн, илимпоздорду, маданият ишмерлерин, журналисттерди жана жер-жерлердеги активисттерди бириктирет. Форумдун катышуучуларын жигердүү жарандык позициясын, жүйөөлөрүн жана өзү салым кошууга жана улуттук платформанын идеяларын илгерилетүүгө инвестициялоого даярдыгын көрсөтүү үчүн өзүнүн катышуусуна акы төлөөгө чакырабыз.

 

 

Кыргызстан Аялдарынын Улуттук Форумунун уюштуруу комитети.

 

Кошумча маалымат үчүн уюштуруу комитетинин координатору – Султанова Риммага кайрылууну өтүнөбүз, тел. 0551 677 477, e-mail rimma08@gmail.com