КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын региондорго – Талас, Жалал-Абад, Чүй, Ош, Баткен облустарына иш сапары болот

January 15, 2015, 06:00

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду КР Билим берүү жана илим министрлиги, КР Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте турмушка ашырып жаткан «Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашы жагынан мамлекеттик саясатты алга илгерилетүү» долбоорунун алкагында 2015-жылдын 18-январынан тартып 5-февралына чейин КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын региондорго – Талас, Жалал-Абад, Чүй, Ош, Баткен облустарына иш сапары пландаштырылган.


Жолугушууларга жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, жергиликтүү кеңештердин өкүлдөрү, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, пилоттук жана пилоттук эмес мектептердин, мектепке чейинки мекемелердин администрациялары, НПОлор, жаштар, лидер аялдар, жайыт комитеттеринин өкүлдөрү жана башкалар катышат деп күтүлүп жатат.


Бул иш-чаранын максаты Мектеп тамак-ашы улуттук программасынын концепциясы жана долбоорду жер-жерлерде турмушка ашыруунун натыйжалары жөнүндө маалымдар кылууну жакшыртуу болуп саналат.


Иш сапардын жүрүшүндө пилоттук жана пилоттук эмес мектептерге барышат, жайлоодогу балдар бакчаларын уюштуруу маселелери талкууланат, аялдар форуму өткөрүлөт, балдар үчүн «Бөбөк ыры», «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» китеп окуулары алга илгерилетилет, ошондой эле Талас облусунун Кара-Буура районунун Кара-Сай айылында жаңы «Мөлтүр» балдар бакчасы ачылат.