26-декабрда «Чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктарды картирлөө» - «Мекендештер Форуму» тегерек столу өтөт

December 22, 2014, 06:00


 Миграциялык курамды өнүктүрүү стратегиясына кошуу боюнча биргелешкен глобалдык программа

Бангладеш*Кыргызстан*Молдавия*Марокко* Сербия*Тунис*Эквадор*Ямайка


Тегерек стол


«Чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктарды картирлөө» - «Мекендештер Форуму»


Пресс-релиз


Миграциялык курамды өнүктүрүү стратегиясына кошуу боюнча биргелешкен глобалдык программанын алкагында 2014-жылдын 26-декабрында «Чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктарды картирлөө» - «Мекендештер Форуму» тегерек столу өтөт. Программа өзүнө Бангладеш, Кыргызстан, Молдавия, Марокко, Сербия, Тунис, Эквадор, Ямайка сыяктуу өлкөлөрдү камтыйт.


Тегерек столдун максаты чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктарды натыйжалуу картирлөө үчүн негиздерди түзүү болуп саналат. Уюштуруучулар мындай бир катар милдеттерди аткарууну болжолдоп жатат: картирлөө түзүмүн жана методологиясын презентациялоо жана талкуулоо. Төмөнкүдөй көз караштан алганда 2015-жылы түзүмдү жакшыртуу, өбөлгөлөрдү ылайыкташтыруу жана андан аркы талаа иштери үчүн рекомендацияларды жана сунуштарды иштеп чыгуу маанилүү учур болуп эсептелет:


• чет өлкөлөрдөгү мекендештердин Кыргызстандын өнүгүшүнө салымынын потенциалы;

• мекендештердин идеяларын, күчүн жана долбоорлорун ишке ашыруу жана алардын өлкөгө салымын натыйжалуу пайдалануу үчүн аларга шарттарды түзүү боюнча мамлекеттин даяр болушу.


Тегерек столго катышуу үчүн КР Президентинин Аппаратынын, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн Аппаратынын, министрликтердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, миграция жагындагы эксперттер, изилдөө жана талдоо борборлорунун өкүлдөрү чакырылган.


Кыргызстандын өнүгүү процессине салым кошуу үчүн мекендештердин потенциалын жана мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо боюнча глобалдык деңгээлдеги картирлөө 2015-жылы жүргүзүлөт.


Программа Швейцария Өкмөтүнүн финансылык колдоосу аркылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчилиги астында Миграция боюнча Эл аралык Уюм тарабынан ООНдун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) менен өнөктөштүктө ишке ашырылып жатат