Жогорку класстардагы окуучу кыздар үчүн «Устат -2» менторлук долбоорун ачуу

November 4, 2014, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду АКШнын Демократиялык комиссиясынын колдоосу менен 9-11-класстардын окуучу кыздары, Бишкек шаарындагы жаңы турак-жай конуштарынын мектептериндеги окуучулар үчүн насаатчылык боюнча долбоорду ишке киргизип жатат.


«Устат -2» менторлук долбоорунун экинчи этабынын максаты болуп инсанды ар тараптан өнүктүрүүгө, сын көз менен ой жүгүртүү жөндөмдөрүн жакшыртууга, бизнес, илим жана техника чөйрөсүндө борбор шаардын жаңы конуштарындагы кыздардын өз алдынчалыгын, лидерлик сапаттарынжана кесиптик жактан өстүрүүгө көңүл буруу саналат.


Долбоорго 36 кыз катышууда, алар жекече жана кесиптик жактан өнүгүүгө умтулган, катышууга арыз берген 15-18 жаштагы 400 кыздын ичинен тандап алынды. Долбоордун катышуучулары өз алдынча өнүгүү процессин жакшыртуу, баарлашуу жөндөмүн өркүндөтүү, кесипти аңдап-түшүнүү менен тандай билүү мүмкүнчүлүгүн алат. Тилекке каршы, азыркы жаштар кесипти тандоодо убактылуу, кээде модалуу азгырыктарга алдырып коет, келечек турмушта гендердик теңчилик эске алынбайт, көпчүлүк бүтүрүүчүлөр окууну аяктагандан кийин иш таба албайт.


Бардык жагынан калыптанган, техникалык эл-чарбалык багыттар жагынан бутуна турган адис аялдар – ЖОЖдордун окутуучулары, эксперттер, компаниялардын башчылары ментор катары чакырылган. Долбоордун алкагында менторлорменен жолугушуулар, мастер-класстаржана башка таанып-билүү иш-чаралары болжолдонуп жатат.


5-ноябрда 15:00дө Кыргыз Республикасынын Медициналык Академиясында долбоорго катышууга арыз берген бардык окуучулар үчүн кесиптик багыт берүү конференциясы өткөрүлөт. Жаңы конуштардын 18 мектебинин окуучуларынын арасында пикир сурамжылообуздуннегизинде биз борбор шаардын бир катар университеттеринин өкүлдөрүн чакырдык, алар өздөрүнүн ЖОЖдору, абитуриенттер эмнеге даяр болууга тийиш экендиги, алар ЖОЖдо студенттерди кайсы ишке даярдай тургандыгыжөнүндө айтып берет.


Финалга чыккан 36 кыз үчүн менторлорменен бирдикте ачылышы 6-ноябрда 13:00дө Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын имаратында ЮсупАбдрахманов 208дарегинде өтөт.



РИОФонду, маалыматтарды жазып алгыла