«Устат»менторлук долбоорунун экинчи этабы башталды

October 2, 2014, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду АКШнын Дем.Комиссиясынын колдоосу менен «Устат-2»менторлук долбоорунун экинчи этабы башталгандыгы жөнүндө жарыялайт.


Бул жолу долбоорго катышууга Бишкек шаарынын турак-жай конуштарында жашаган жана окуган 9-10-11-класстардын окуучу кыздары чакырылат.


«Устат-2»менторлук долбоорунун экинчи этабынын максаты борбор шаардын жаңы конуштарынын мектептериндеги кыздардын инсанын ар тараптан өнүктүрүүгө, акыл калчап ой жүгүртүү жөндөмүн жакшыртууга, өз алдынчалыгын, лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө жана бизнес, илим жана техника чөйрөсүндөгү кесиптик өсүшүнө өзгөчө көңүл буруу болуп саналат.


Долбоорго жеке жана кесиптик жактан өнүгүүгө умтулган 15-18 жаш курактагы кыздар катыша алат, алардын ичинен долбоордун 36 катышуучусу тандап алынат. Долбоорго катышкан кыздар жаңы нерселерди үйрөнүү, өз алдынча өнүгүү процессин жакшыртуу, баарлашуу жөндөмүн өркүндөтүү, кызыктуу адамдар менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн алат.


Долбоорго катышуу үчүн ментор катары өзүнүн кесиптик ишинде ийгиликтерге жетишкен алда канча көрүнүктүү аялдар чакырылат. Долбоордун алкагында менторлор менен жолугушуулар, мастер-класстар жана башка кызыктуу иш-чаралар болжолдонуп жатат.


Устатменторлук долбоору 9 айга эсептелген. Табыштама-анкеталарды кабыл ала баштоо мөөнөтү 2014-жылдын 1-октябры, Бишкек убактысы боюнча саат 10:00. Конкурска катышууга табыштама-анкеталарды кабыл алуунун аякташы 2014-жылдын 10-октябры, Бишкек убактысы боюнча саат 16:00. Табыштамаларды кабыл алуунун белгиленген мөөнөтү аяктагандан кийин келип түшкөн табыштамалар кабыл алынбайт.


Табыштама-анкета электрондуктүрдө на www.roza.kg сайтында  http://www.roza.kg/2014/10/03/zayavka-na-uchastie-v-proekte-mentorstva-ustat-2


Табыштама-анкета кагаз түрүндө төмөнкүдөй дарек боюнча толтурулушу мүмкүн: «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду, Бишкек шаары, Чүй пр. 106, 108-кабинет (КР Экономика министрлигинин имаратында), «Устат-2»менторлук долбооруна катышуучуларды тандоо боюнча конкурстук комиссияга» деген белги коюлат.


Табыштама кыргыз жана орус тилдеринде берилет.



 

PR бөлүмү

Офис: +996 312 660368

+996 777950799

Эл.почта: ustat@roza.kg