Пресс-релиз «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» кербени

August 18, 2014, 06:00

ЮНИСЕФтин «Кенже курактагы балдар үчүн китеп окууну алга илгерилертүү» долбоорунун алкагында

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» кербенин баштайт.


Кербендин максаты – балдар үчүн жана балдар менен бирге китеп окуунун маанилүүлүгүн жөнүндө, ошондой эле «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» иш-чараларын өткөрүү жана бул моделди өлкөнүн региондорунда колдонуу жөнүндө коомчулуктун маалымдар болушун арттыруу. Китеп окуу баланын жана ата-эненин ортосунда бекем мамилелерди түзүүгө жардам берет, сүйлөө жөндөмүн, жаттап калуусун, элестетүүсүн өнүктүрөт, ой жүгүртүү жана ойду бир жерге топтоо жөндөмдөрүнө үйрөтөт, билимин, ой чабытын жана кызыкчылыктарын кеңейтет, окууга карата эркин өнүктүрөт, адеп-ахлактык дөөлөттөрдү берет, китеп окууну жашоонун табигый эрежесине айлантат. Китеп окуу – бул балдардын ийгиликтүү келечегине мыкты инвестициялар.

 

Кербен Ысык-Көл облусунун максаттуукитепканаларында башталат (2014-жылдын 20-22-августу) жана андан ары Чүй, Жалал-Абад, Талас жана Баткен облустарында өтөт.

 

Улуттук, ошондой эле региондук деңгээлдеги белгилүү адамдар: артисттер, спортсмендер, саясатчылар балдарга Кыргызстандын жана дүйнө элдеринин мыкты жомокторун окуп берет, китептердин сырдуу дүйнөсү менен тааныштырат, эң кенже курактан тартып балдарга дайыма китеп окуп берүү канчалык маанилүү экенин ата-энелерге айтып берет. Жылдыздар жана машыктыруучулар менен ар бир жолугушуу китеп окууну жана талкуулоону, ата-энелерди тартуу менен окутуучу иш-чараларды жана оюн-зоокторду камтыйт.


Кербендин учурунда ушул долбоордун алкагында эмеректер жана кыргыз жана орус тилдериндеги балдар адабияты менен камсыз кылынган максаттуу китепканалар эшигин ачат.


«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» кербенине катышууга ата-энелер, ресурстук китепканалардын өкүлдөрү, мектепке чейинки педагогдор, ошондой эле жамааттар жана балдарды эртелеп өнүктүрүү маселелерине көңүлкош карабаган бардык адамдар чакырылат.


Кербен 2014-жылдын 20-сентябрында Баткен облусунда аяктайт.


Кошумча маалымат үчүн төмөнкүдөй байланыштар боюнча кайрылуу керек:

Долбоордун координатору:

Фонддун директору Жибек Койчукулова

E-mail: j@roza.kg

Tel: ( 0312)660368


Долбоордун ассистенти:

ГульзадаУргуналиева

E-mail: gulzada.urgunalieva@gmail.com

Tel: (312) 660368