Роза Отунбаева Ош областындагы Жайлоо бала бакчаларынын ишмердүүлүктөрү менен таанышат

August 6, 2014, 06:00

Роза Отунбаеванын демилгеси «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү, Кыргыстандын экс президенти Роза Отунбаева 2014-жылы 7-августта Ош областынын Кара-Суу районундагы Мады жана Кашкар-Кыштак айыл аймактарына караштуу жайлоо бала бакчаларынын ишмердүүлүктөрү менен таанышат.


Бул сапардын алкагында Кара-Суу, Алай, Өзгөн жана Кара-Кулжа райондоруна караштуу айыл өкмөттөрү, жайыт комиттеринин башчылары, Райондук билим берүү бөлүмдөрү, Ош мамлекеттик Университетинин окумуштуулары катышышат. Роза Отунбаева адистер менен жайлоо бала бакчаларды ачуу тажрыйбасы, маанилүүлүгү жана перспективалары тууралуу баарлашат. Ош Мамлекеттиик Университетинин, Ош Гуманитардык-педагогикалык институнунун окумуштуу, педагогдору ата-энелер жана балдар үчүн интерактивдү ыкмалардын үлгүлөрүн көрсөтүшөт.


2014 жылы жай айларында Кыргызстандын бардык областарынын тоолуу аймактарында 35 жайлоо бала бакчалары ачылган. Анын ичинде Ош областында 8 жайлоо бала бакчасы ачылган. Кара-Кулжа районунда үч, Кара-Сууда эки, Алай, Ноокат жана Өзгөн райондорунда бирден жайлоо бала бакчалары иштөөдө. Жайлоо бала бакчалары тоодогу балдарды ар тараптуу өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү багытын көздөйт.


Жайлоо бала бакчаларын ачуу Билим берүү жана илим министрлиги, Жайыт департаменти, жайыт комитеттери жана айыл өкмөттөрү менен кызматташтыкта ишке ашууда. Бала бакчаларды канцеляриялык товарлар менен камсыз кылууда Бакай Банк, Финка, Компаньон, Бай-Түшүм, Мол Булак финансалык мекемелери жардам көрсөтүштү. Бул долбоор малчылардын үй-бүлөлөрүндөгү балдарды камтууга мүмкүндүк берет. «Жайлоо бала бакчалары» модели мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүк жагынан айылдык жана шаардык райондордун ортосундагы ажырымды кыскартууга көмөктөшөт.


Кошумча маалымат алуу үчүн 0552 600 738, 0771 388 596 телефондоруна кайрылсаңыздар (Асылбек Жоодонбеков) болот.