Кыргызстандын алгачкы сертификатталган Монтессори-педагогдору – мектепке чейинки билим берүүдөгү жаңы доор

July 3, 2014, 06:00

2014-жылдын 16-июлунда (шаршемби) И.Арабаев атындагы КМУнун конференц-залында Кыргызстандын Монтессори-педагогика боюнча тренингдердин курсунан өткөн педагогдорунун алгачкы тобуна Монтессори-педагогика эл аралык институтунун (Москва шаары, Россия) сертификаттары тапшырылат.


2012-жылдын ноябрында «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду Кыргызстанда Монтессори-педагогика боюнча тренингдердин алгачкы курсун өткөрүү менен Кыргызстанда Монтессори-педагогиканы системалык киргизүү боюнча кадамдарды баштаган. Курстун машыктыруучусу – Надежда Николаевна Смирнова, Монтессори-педагогика эл аралык институтунун (Москва шаары, РФ) директору.


2014-жылдын 7-16-июлунда аяктоочу тренинг өтөт, андан кийин курстун 20 угуучусуна Монтессори-педагогика эл аралык институту (Москва шаары, РФ) берген Монтессори-педагогдун сертификаттары тапшырылат.


Тренингдердин натыйжасында алты балдар бакчасы ачылды же профили өзгөртүлдү, алар толук монтессори-чөйрө менен жабдылган: Жалал-Абад шаарында бир «Симба» балдар бакчасы жана Бишкек шаарында беш балдар бакчасы: «Шамбала» балдар бакчасы, «Балалык академиясы» балдар борбору, «Синяя птица» Монтессори-клубу, «Индиго» балдар бакчасы, «Үй-бүлө» балдар бакчасы.


Монтессори-педагогика дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндө мектепке чейинки билим берүүнүн практикасына киргизилген, алардын ичинде Японияны, Түштүк Кореяны, АКШны, Индияны, Филлипиндерди, Россияны, Казакстанды жана көптөгөн башкаларды атоого болот, бул педагогика өзүн балдарды эрте өнүктүрүүнүн алда канча натыйжалуу ыкмаларынын бири катары көрсөттү.