Алдей, алдей ак балам,атаң арнап жасаган, ак бешикке жат балам

February 16, 2022, 20:19

Баардык автордук укуктар «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан корголгон. Көчүрүүгө жана жайылтып сатууга тыюу салынат!!! “Бешик ырлары” диски «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду өткөргөн жалпы республикалык конкурстун жыйынтыгында мыкты чыгармалардын топтому болуп чыгарылган. Бул топтомду даярдоо менен салттуу (элдик) жана азыркы бешик ырларын даңазалоо аркылуу балдарды эрте өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатын көздөдүк. Бешик ырлары жакшы каалоолор жана бала менен эненин ортосундагы эмоциялык байланышты камсыз кылат. Баланы жакшы көрүүнү билдирүүдө, наристени сооротууда жана уйкуга даярдоодо бешик ырлары көп кылымдар бою жардам берип келген Бул топтомдо салттуу (элдик) жана жаңы автордук бешик ырлары бар. Аткаруучу Зиягүл Сатыбалдиева. Сөзү: Жүрсүн Кененбаева, обону: элдики Алдей, алдей ак балам Атаң арнап жасаган Ак бешикке жат балам Арча бешик ак жолтой болот деген чон атаң Алдей, алдей садагам Алдей балам, ак балам Апаң арнап жасаган Ак олпокко жат балам Бата берди чон апаң Акыл эстүү өссүн деп Бата берди чоң атаң Алдей балам, аппагым Ай нурундай ак таңым Ата-энеңдин үмүтүн аман жүрүп актагын Апакендин ак сүтүн Эр жеткенде актагын Алдей, алдей аппагым Ананайын ак шамым Алдей, алдей аппагым