Роза Отунбаева: Бажы союзу – бул биздин жашоо мейкиндигибиз

October 3, 2013, 06:00

Кыргызстандын мурдагы президенти жана тышкы иштер министри Роза Отунбаева DW’га интервьюсунда республикадагы абал жана анын Бажы союзуна кириши жөнүндө сүйлөшүүлөрдөгү көйгөйлөр жөнүндө айтып берди.

 

Фридрих Эберт атындагы фонддун (Friedrich-Ebert-Stiftung) чакыруусу боюнча Германияга Кыргызстандын мурдагы президенти жана тышкы иштер министри Роза Отунбаева келди. Фонддун конференц-залында ал республикадагы саясий жана экономикалык абал жөнүндө лекция окуду, андан соң DW’нын кабарчысынын суроолоруна жооп берди. Роза Отунбаева, атап айтканда, Кыргызстандын Бажы союзуна кириши жөнүндө сүйлөшүүлөрдөгү көйгөйлөр тууралуу айтып берди.

 

DW: Отунбаева айым, Берлинде сөз сүйлөп жатып, сиз Кыргызстанда парламенттик демократияны чыңдоо ишиндеги ийгиликтер жөнүндө көп айттыңыз. Ошону менен бирге айрым – өлкөнүн өзүндөгү да, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү да – байкоочулар кезектеги саясий туруксуздук вариантын жокко чыгарбайт. Сиз кырдаалды кандай деп баалайсыз?

 

Роза Отунбаева: Демократияга, анын үстүнө парламенттик демократияга дайыма айрым туруксуздук мүнөздүү. Бирок мындан жаңы революция тобокелдиги жөнүндө тыянак чыгарууга болбойт. Бизде парламентте беш фракция бар, алар Кыргызстандагы бардык көйгөйлөрдү чечип жатат. Президенттин бийлиги чектелген. Анын бир бөлүгү – өкмөткө, калган бөлүгү парламентке өттү. Азыр өлкөдө бир падыша башкарат деген жок. Биз түзгөн ооздуктоо жана каршы салмак системасы бар. Бирок биз андан да чоң нерсени – парламенттик фракциялар алда канча туруктуу болгудай жана бүткүл беш жыл бою сакталгыдай кылууну каалайбыз

 

Биздин парламент үч жылдан бери иштеп жатат – кемчиликтер жана ар тарапка ооп кетүүлөр болгону менен, бирок иштеп жатат. Бир гана жолу өкмөттүк кризис болду. Азыр күн тартибинде өтө олуттуу маселе – Кумтөр көйгөйү турат (Кыргызстандын алтын кени запастары боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда – Ред.), ал бюджеттин 15 пайызын жабат. Бул жагынан угулуп жаткан ызы-чуу, кыязы, айрым туруксуздук жөнүндө ойго алып келип жаткан шекилдүү.

 

- Сиз улантуучуга бийликти тынч жана ыктыярдуу түрдө өткөрүп берген Кыргызстандын биринчи жана азырынча жападан жалгыз президенти болдуңуз. Сиз иштеп жаткан мамлекет башчысы да ушундай кылат деп ишенесизби?

 

- Ооба, президент белгиленген мөөнөттө кетем деп бир нече жолу айтты. Президент биз 2010жылдын апрелинде алдыга койгон максаттар менен милдеттерди жактайт. Ал – жаңы Конституциянын авторлорунун бири, ошондуктан ал ыйгарым укуктарын, сөзсүз, өз убагында токтотот деп ишенем.

 

- Сиз кеп кылып жаткан окуялардан кийин Батыш Кыргызстанга кыйла көп көңүл буруп калган. Азыр силердин өлкөгө кызыгуу бир топ азайып калды. Сиздин көңүлүңүз иренжип калган жокпу? Сиз, мисалы, Евросоюздан эмнени күтүп жатасыз?

 

- Европалык Союз жакында эле, биздин президенттин Брюсселге визитинин жүрүшүндө Борбордук Азия жана биринчи кезекте Кыргызстан анын күн тартибинде кала берет деп кайрадан билдирди. Бул жерде, Берлинде, өкмөт башчыларынын офисинде мага ФРГнын канцлери кайра шайланары менен биздин өлкөгө сөзсүз жардам бере тургандыгын билдирди деп айтышты. Германияда Кыргызстандын өнүгүшүнүн демократиялык мүнөзү жөнүндө айтып жатышат, бизге жардам берүүгө даяр. ЕСте көптөгөн өлкөлөр бар, бирок алардын ичинен жок дегенде Германия сыяктуу алдыңкылары мындай багытты өзүнүн приоритети деп атаса, бизге ушул эле жетиштүү болот.

 

- Кыргызстандын тышкы соодасынын жарымы Кытайга туура келет. Бирок саясий жактан Бишкек Москваны көбүрөөк карайт. Ушул үч бурчтуктагы мамилелерди сиз кандай деп эсестетесиз?

 

- Толук адекваттуу. Бизде Кытай менен миң километр жалпы чек арабыз бар. Биздин өлкө аркылуу кытай товарларынын транзиттик жолдору Өзбекстанга, Россияга өтөт. Биздин адамдарыбыз ушул соодада алектенет. Бирок биздин тышкы саясатыбыз Россия менен өтө тыгыз байланышкан. Бизди тарых, маданият, тил бириктирип турат.

 

- Кыргызстан Бажы союзуна кирүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Сиз Бажы союзуна катышуудан кандай натыйжага үмүттөнүп жатасыз?

 

- Мен товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, жумушчу күчүнүн, финансынын эркин орун которушу, башкача айтканда, Бажы союзу болжолдоп жаткандар, ушулардын бардыгы биз үчүн жагымдуу жана маанилүү деп эсептейм. Бул биздин жашоо мейкиндигибиз. Бажы союзуна кошулуу – бул татаал процесс экенин биз түшүнөбүз. Бизге көпчүлүк позициялар үчүн күрөшүүгө туура келүүдө. Кыргызстан эчактан бери эле ВТОдо, ушул уюмга кирген көптөгөн башка өлкөлөр менен түзүлүп калган чарбалык байланыштарыбыз бар.

 

Бажы союзунун региону болсо – тегиз эмес, ВТОго мүчөлөр бар, ошондой эле мүчө эместер (Казакстан менен Беларусь ВТОго кирбейт - Ред.) да бар. Плюс Кытай, ал Борбордук Азиянын көпчүлүк өлкөлөрү үчүн, анын ичинде Казакстан, ошондой эле Россия үчүн негизги соода өнөгү болуп саналат. Бажы союзуна кирүү жөнүндө сүйлөшүүлөр дагы жүрө берет жана биз көзгө көрүнбөгөн кыйла көп бөгөттөрдү көрүп жатабыз.

 

- Сиз эмнени айтып жатасыз?

 

- Бизди Бажы союзуна жөн эле кабыл алып жаткан жок. Өз кезегинде, биз Бажы союзу – бул асмандан түшө калган белен аш эмес экенин көрүп турабыз. Казакстанга, мисалы, белорус азык-түлүк товарлары батпай кеткен, алар арзан жана даамдуу. Айрым казак ишканалары, мындайча айтканда, токтоп калды.

 

Биз да өтө күчтүү атаандаштарга дуушарланабыз. Өз товарлары менен бизди каптатып жаткандай көрүнгөн Кытай да бизден азык-түлүк сатып алгысы келет. Андыктан биз тыянак чыгарып жана даярданууга тийишпиз.

 

- Акыркы суроо, Отунбаева айым, Афганистан жөнүндө. 2014-жылы эл аралык коалициянын аскердик контингенти Афганистандан кеткенде, сиз Кыргызстан үчүн кандай натыйжаларды күтөсүз?

 

- Бизди биринчи кезекте Афганистан менен бекем жабылбаган чек ара тынчсыздандырат. Баңгизаттардын, куралдын, моджахеддердин трафиги – ушулардын бардыгы алдын ала болжолдоого боло турган нерселер. Биз ушундай жагдайга тынчсызданабыз, чек ара аскерлерибиздин даярдыгын тиешелүү деңгээлге көтөрүп жатабыз. Мындан тышкары, адамдарга баңгизаттан эмес, кандайдыр бир башка нерселерден акча табуу мүмкүнчүлүгүн да берүү керек.

Deutsche Welle