Нарын облусунда Жайлоодогу өнүктүрүү борбору балдарга билим алуу жана өнүгүү мүмкүнчүлүгүн түздү

September 2, 2026, 20:07

Жай мезгилинде Нарын облусунун Ат-Башы, Кочкор, Нарын жана Ак-Талаа райондорунда Жайлоодогу өнүктүрүү борбору иштеп, алыскы жайыттарда жашаган балдарга эрте өнүктүрүү жана мектепке чейинки билим берүү кызматтарына жетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.


Борборлор Соң-Көл, Ак-Сай, Арпа жана Сырт сыяктуу алыскы жайлоолордо жашаган үй-бүлөлөрдүн балдарын камтып, алардын жайкы мезгилде да өнүктүрүүчү жана билим берүүчү иш-чараларга катышуусуна шарт түздү. Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору мал чарбачылыгы менен алектенген жана жай мезгилинде үй-бүлөсү менен алыскы жайыттарда жашаган үй-бүлөлөрдүн өзгөчө шарттарын эске алуу менен уюштурулду. Борборлор балдардын жашаган жерине жакын шартта билим алуусуна, жаңы көндүмдөрдү өздөштүрүүсүнө жана теңтуштары менен баарлашуусуна мүмкүнчүлүк берди. Борборлордо балдар үчүн өнүктүрүүчү, таанып-билүүчү жана чыгармачылык сабактар, оюндар жана топтук иш-чаралар өткөрүлдү. Сабактар балдардын сүйлөө жөндөмүн, ой жүгүртүүсүн, чыгармачылыгын, социалдык көндүмдөрүн жана эмоционалдык өнүгүүсүн колдоого багытталды. Өзгөчө алыскы жайлоолордо балдардын коопсуз жана жагымдуу чөйрөдө убактысын пайдалуу өткөрүүсүнө көңүл бурулду. Оюндар, чыгармачылык иштер жана топтук көнүгүүлөр аркылуу балдардын бири-бири менен баарлашуусу, өз оюн эркин билдирүүсү жана топ менен иштөөсү колдоого алынды. Борборлордун ишинде ата-энелерди балдардын өнүгүү процессине тартууга да өзгөчө көңүл бурулду. Ата-энелер балдардын сабактарга катышуусун колдоо менен бирге мастер-класстарга, жолугушууларга жана балдарды эрте өнүктүрүү жана тарбиялоо боюнча иш-чараларга катышышты.


Жалпысынан Нарын облусунда демилгенин алкагында 15 Жайлоодогу өнүктүрүү борбору иштеп, Соң-Көл, Ак-Сай, Арпа жана Сырт жайлоолорундагы балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүлдү.


Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунун иши Кыргызстандын алыскы жана айылдык аймактарында жашаган балдардын сапаттуу эрте өнүктүрүү жана мектепке чейинки билим берүү кызматтарына жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө, ошондой эле ата-энелердин балдарды өнүктүрүү жана тарбиялоодогу активдүү катышуусун күчөтүүгө багытталган.