Жалал-Абад облусунда Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору
August 30, 2026, 12:32
“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан Жай мезгилинде ишке ашырылып келген Жайлоо өнүктүрүү борборлору бул жылы Жалал-Абад облусунда ишин улантты. 10 жылдан ашык убакыттан бери Базар-Коргон, Ала-Бука, Тогуз-Торо жана Токтогул райондорунда Жайлоодогу өнүктүрүү борбору иштеп келет. Быйыл облустун алыскы жайыттарда жашаган 300гө жакын балага 11 жайлоо борборунда өнүктүрүү жана мектепке чейинки билим берүү кызматтарын алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору мал чарбачылыгы менен алектенген, жай мезгилинде алыскы жайыттарда жашаган үй-бүлөлөрдүн өзгөчө шарттарын эске алуу менен уюштурулду. Борборлор балдарга билим берүүчү жана өнүктүрүүчү иш-чараларга жашаган жерине жакын жерде катышууга мүмкүнчүлүк берди.
Борборлордо балдар үчүн өнүктүрүүчү, таанып-билүүчү жана чыгармачылык сабактар, оюндар жана топтук иш-чаралар өткөрүлдү. Алар балдардын сүйлөө жөндөмүн, ой жүгүртүүсүн, чыгармачылыгын, социалдык көндүмдөрүн жана эмоционалдык өнүгүүсүн колдоого багытталды. Ошондой эле балдардын коопсуз жана жагымдуу чөйрөдө билим алуусуна жана теңтуштары менен баарлашуусуна өзгөчө көңүл бурулду.
Борборлордун ишиндеги маанилүү багыттардын бири – ата-энелерди балдардын өнүгүү процессине тартуу болду. Ата-энелер балдардын сабактарга катышуусун колдоо менен бирге айрым иш-чараларга, мастер-класстарга жана балдарды эрте өнүктүрүү жана тарбиялоо боюнча талкууларга катышышты.
Демилге алыскы айылдык аймактарда жашаган балдардын сапаттуу эрте өнүктүрүү жана мектепке чейинки билим берүү кызматтарына жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө, ошондой эле ата-энелердин балдарды өнүктүрүү жана тарбиялоодогу ролун күчөтүүгө багытталган. Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунун иши Кыргызстандын алыскы жана айылдык аймактарында жашаган балдар үчүн сапаттуу эрте өнүктүрүү жана мектепке чейинки билим берүү кызматтарына жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө багытталган маанилүү демилгелердин бири болуп саналат.





