Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору Ош облусунда

August 30, 2026, 09:28

Жай мезгилинин июнь, июль айларында Ош облусунун Кара-Кулжа, Чоң-Алай, Алай жана Ноокат райондорунда 16 Жайлоодогу өнүктүрүү борбору иштеп, 400гө жакын балага эрте өнүктүрүү жана мектепке чейинки билим берүү кызматтарын алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору мал чарбачылыгы менен алектенген жана жай мезгилинде алыскы жайыттарда жашаган үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн уюштурулду. Борборлордун негизги максаты – балдардын жашаган жерине жакын шарт түзүп, алардын билим алуусуна, өнүгүүсүнө жана бош убактысын пайдалуу өткөрүүсүнө мүмкүнчүлүк берүү. Борборлордо балдар үчүн таанып-билүүчү жана чыгармачылык сабактар, өнүктүрүүчү оюндар, топтук иш-чаралар өткөрүлдү. Сабактар балдардын ой жүгүртүүсүн, сүйлөө жөндөмүн, чыгармачылыгын, социалдык көндүмдөрүн жана өз алдынча аракеттенүүсүн өнүктүрүүгө багытталды. Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунун иштеши алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарда жашаган балдардын мектепке чейинки билим берүү жана эрте өнүктүрүү кызматтарына жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.   


Бооке Жайлоо өнүгүү борборунун тарбиячысы Базаргүл Сарытаева «Жайлоодо жашаган үй-бүлөлөр үчүн балдарын мектепке чейинки билим берүү кызматтары менен камсыз кылуу бир катар кыйынчылыктарды жаратат. Өнүктүрүү борборлору кызматтарды түздөн-түз балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө жакындатууга мүмкүнчүлүк берет», – деп белгиледи.   


Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунун иши Кыргызстандын алыскы жана айылдык аймактарында жашаган балдар үчүн сапаттуу эрте өнүктүрүү жана мектепке чейинки билим берүү кызматтарына жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө багытталган маанилүү демилгелердин бири болуп саналат.