Бишкекте «Си Цзиньпин: мамлекеттик башкаруу жөнүндө» китебинин жаңы басылууларынын бет ачары өттү

July 16, 2026, 09:18

2026-жылдын 13-июлунда Бишкек шаарында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин «Мамлекеттик башкаруу жөнүндө» китебинин кыргыз тилиндеги үчүнчү тому  жана орус тилиндеги бешинчи тому тааныштырылды. Иш-чара «Кытай менен Кыргызстандын бирдиктүү тагдыр коомчулугун биргелешип куруу жана Шанхай кызматташтык уюмунун жаркын келечегин биргелешип жаратуу» деген теманын алкагында өтүп, ага Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик органдарынын, дипломатиялык корпустун, илимий-эксперттик чөйрөнүн, жогорку окуу жайларынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.


«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду үчүн бул иш-чара кытайлык өнөктөштөр менен гуманитардык кызматташтык жана китеп чыгаруу багытындагы көп жылдык кызматташтыктын уландысы болду. Буга чейин Фонд кытай тарап менен биргеликте аталган эмгектин биринчи жана экинчи томдорун кыргыз тилине которуп, басып чыгарган. Натыйжада заманбап Кытайдын мамлекеттик башкаруу системасын чагылдырган маанилүү эмгек кыргыз тилдүү окурмандар үчүн жеткиликтүү болгон. Учурда төртүнчү томдун котормосу да аяктап, басмага даярдалууда.


Иш-чаранын ачылышында Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Пропаганда бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын экс-президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева , КЭР Мамлекеттик кеңешинин Маалымат кеңсесинин жетекчиси Мо Гаои, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лю Цзянпин, Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысынын орун басары Пяо Янфань, Кытайдын Чет тилдериндеги адабияттарды басып чыгаруу жана жайылтуу боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Юй Инфу сөз сүйлөштү.


Роза Отунбаева өз сөзүндө «Мамлекеттик башкаруу жөнүндө» китептери заманбап Кытайды, анын өнүгүү стратегиясын, мамлекеттик башкаруу принциптерин жана жүргүзүлүп жаткан реформалардын ички логикасын тереңирээк түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берерин белгиледи. Ал Кытайдын узак мөөнөттүү стратегиялык пландоо, жакырчылыкты жоюу, экономиканы модернизациялоо жана мамлекеттик башкаруу жаатындагы тажрыйбасы Кыргызстан үчүн чоң практикалык кызыгуу жаратарын белгилеп, бул тажрыйбаны көчүрүп алуу эмес, аны улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен чыгармачылык негизде изилдөө маанилүү экенин айтты.


Ошондой эле ал «Бир алкак — бир жол» демилгесинин Кыргызстан үчүн маанисине токтолуп, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу, транспорттук инфраструктуранын өнүгүшү жана гуманитардык байланыштардын кеңейиши эки өлкөнүн ортосундагы өз ара ишенимди жана кызматташууну бекемдөөгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, билим берүү, илим, маданият жана китептер аркылуу жүргүзүлгөн гуманитардык кызматташтык экономикалык долбоорлор сыяктуу эле маанилүү.


Роза Отунбаева ошондой эле көп томдук эмгекти кыргыз тилине сапаттуу которууга чоң салым кошкон котормочулар Эмилбек Каптагаевге, Эсенбай Нурушевге жана Абибила Пазыловго өзгөчө ыраазычылык билдирди.


Иш-чаранын алкагында китептерди Кыргызстан тарапка белекке тапшыруу аземи болуп өттү. Басылмалар өлкөнүн жогорку окуу жайларына, китепканаларына жана мамлекеттик мекемелерине өткөрүлүп берилип, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы билим берүү, илимий жана эксперттик кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.


«Мамлекеттик башкаруу жөнүндө» китебинин үчүнчү томунун кыргыз тилиндеги жана бешинчи томунун орус тилиндеги бет ачары Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы маданий, билим берүү жана эксперттик кызматташтыкты чыңдоодо кезектеги маанилүү кадам болуп, эки элдин өз ара түшүнүшүүсүн, гуманитардык байланышын жана жакшы коңшулук мамилелерин мындан ары бекемдөөгө салым кошту.