Ош шаарында мектептик жана мектепке чейинки тамактануу тармагындагы адистерди даярдоочу Түштүк компетенциялар борбору ачылды

June 22, 2026, 08:52

2026-жылдын 16-июнунда Ош шаарында мектептик жана мектепке чейинки тамактануу, санитария, гигиена жана тамак-аш даярдоонун заманбап технологиялары жаатындагы адистерди даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча жаңы аянтча болгон Түштүк компетенциялар борборунун (ТКБ) расмий ачылыш аземи болуп өттү.


Борбор балдарды сапаттуу жана коопсуз тамактандыруу тармагындагы улуттук потенциалды чыңдоо максатында түзүлгөн. Анын ишмердүүлүгү билим берүү уюмдарынын ашпозчуларынын жана тамак-аш блокторунун кызматкерлеринин практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, ошондой эле тамак даярдоонун заманбап ыкмаларын жана санитардык-гигиеналык талаптарды сактоону жайылтууга багытталат.


Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин, Ош шаарындагы Россия Федерациясынын Башкы консулдугунун, Ош шаарынын мэриясынын, Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАТП), Тармактык тамактануу институтунун (SIFI), Республикалык компетенциялар борборунун, Ош шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.


Лентаны кесүү аземинен кийин Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Кусеинова, Россия Федерациясынын Ош шаарындагы Башкы консулу Роман Свистин, Ош шаарынын вице-мэри Масуда Айдарбекова, БУУ ДАТПнын Кыргыз Республикасындагы өлкөлүк директору Кодзиро Накай жана Тармактык тамактануу институтунун президенти Владимир Чернигов куттуктоо сөздөрү менен чыгышты.


Сөз сүйлөгөндөр балдардын тамактануусун уюштурууга жооптуу адистердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн, ошондой эле өсүп келе жаткан муундун ден соолугун жана бакубаттуулугун чыңдоонун маанилүү факторлорунун бири катары мектептик жана мектепке чейинки тамактануу системасын мындан ары өркүндөтүүнүн зарылдыгын белгилешти.


Иш-чаранын алкагында Түштүк компетенциялар борборунун жетекчиси Чынаркан Обдунова борбордун окуу жайлары боюнча коноктор үчүн таанышуу экскурсиясын өткөрдү. Ашпозчулар ассоциациясынын өкүлдөрү жана ТКБнын тренерлери тамак-аштарды даярдоо боюнча мастер-класс уюштурушуп, анын соңунда дегустация өткөрүлдү.


Расмий бөлүк аяктагандан кийин катышуучулар Ош шаарындагы «Күн-Нуру» мектепке чейинки билим берүү уюмуна барышып, 2025-жылдын сентябрынан бери БУУ ДАТП тарабынан ишке ашырылып жаткан мектепке чейинки тамактануу боюнча пилоттук программанын алкагында балдарды тамактандырууну уюштуруу тажрыйбасы менен таанышышты. Конокторго тамак-аш блогун модернизациялоонун жыйынтыктары жана тарбиялануучулардын тамактануу сапатын жогорулатуу боюнча жүргүзүлгөн иштер тааныштырылды.


Түштүк компетенциялар борборунун ачылышы Кыргыз Республикасындагы мектептик жана мектепке чейинки тамактануу системасын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп, мамлекеттик органдардын, эл аралык өнөктөштөрдүн жана коомдук уюмдардын биргелешкен аракеттеринин жыйынтыгы болуп саналат. Борбор адистердин квалификациясын жогорулатууга, тамактанууну уюштуруунун заманбап стандарттарын киргизүүгө жана балдарды сапаттуу, коопсуз жана толук кандуу тамак-аш менен камсыз кылуу системасын мындан ары чыңдоого өбөлгө түзөт.


«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду БУУ ДАТП менен биргеликте Кыргыз Республикасында туруктуу мектептик тамактануу системасын өнүктүрүү жана билим берүү демилгелерин колдоо боюнча иштерди улантат.