«5 кадам» Instagram баракчасынын активдүү катталуучулары менен жолугушуу өттү
February 23, 2026, 07:23
2026-жылдын 21-февралында Бишкек шаарындагы Супара этнокомплекс аймагында «5 кадам» Instagram баракчасынын катталуучулары менен жыйынтыктоочу жолугушуу өттү. Иш-чара долбоордун эң активдүү катышуучуларын бириктирип, жетишилген натыйжалар менен бөлүшүү жана жандуу баарлашуу максатын көздөдү.
Жолугушуу «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду Миндеру фонду менен биргеликте ишке ашырып жаткан «Бешке чейин үлгүр» долбоорунун алкагында уюштурулду. Фонддун аткаруучу директору Р.Ж. Кайыкова катышуучуларга кайрылуусунда алар "5 кадам" инстаграм баракчасынан алган пайдалуу маалыматтарды жана тажрыйбаларды башка энелерге да жеткирип, бөлүшөт деген ишенимин билдирди.
Андан соң «5 кадам» долбоорунун жыйынтыктары боюнча презентация сунушталып, долбоордун негизги жетишкендиктери, камтуусу жана катышуучулардын жашоосундагы оң өзгөрүүлөр тууралуу кеңири маалымат берилди.
Иш-чаранын алкагында психологдордун пайдалуу тренингдери орун алды. Гүлзат Исабекова эмоционалдык интеллект темасында чыгып сүйлөп, катышуучулардын суроолоруна жооп берди. Асель Суюмбаева «Жеке чек араны кантип түзөбүз?» темасында сессия өткөрүп, жандуу талкуу жаратты. Психолог, арт-терапевт Кристина Кареева «Каалоо мандаласы» аттуу практикалык иш-чара өткөрүп, катышуучуларга шыктандыруучу маанай тартуулады.
Программанын жүрүшүндө Kahoot викторинасы уюштурулуп, катышуучулар өз билимдерин кызыктуу форматта сынап көрүштү. Жеңүүчүлөр балдар велосипедин, самокат жана балдар чатырын утуп алышты.Ошондой эле баракчаны көп убакыттан бери колдонуп, активдүүлүгүн көрсөткөн катышуучулар арасында өткөн сынактын жыйынтыгы жарыяланып, жеңүүчүлөр сыйланышты.
Долбоорго активдүү катышкандар баалуу белектер менен сыйланышты:
1-орун – Гүлжан Асанкожоева – Jannat Resort эс алуу борборуна үй-бүлөлүк эс алуу;
2-орун – Айнура Жанадилова (Ысык-Көл облусунун тургуну) – Супара Чункурчак этнокомплексине үй-бүлөлүк эс алуу;
3-орун – Айжамал Солтоноева жана Алымбек кызы Айчүрөк – Mountain View бассейнине үй-бүлөлүк эс алуу;
4-орун – Касиет Батырбекова (Нарын облусунун тургуну) – «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду тарабынан чыгарылган китептер топтому.
Бул жолугушуу «5 кадам» баракчасына катталган ата-энелер бири-бирине дем берген жана өнүгүүгө шыктандырган жандуу коомчулук экенин көрсөттү.


















