Аялдар – тынчтык тиреги: Грант алуучулар үчүн тренинг өткөрүлдү.

October 2, 2024, 06:14

2024-жылдын 29-сентябрдан 1-октябрга чейин Баткен облусунда «Аялдар – тынчтык тиреги» долбоорунун алкагында грант алуучулар үчүн “Аялдар тынчтык жана коопсуздук” темасында 3 күндүк тренинг болуп өттү.


Тренингдин максаты: Пилоттук айыл аймактарында  ишке ашырылып жаткан экономикалык жана социалдык долбоорлор аркылуу гендердик, климаттык коопсуздуктун жана тынчтыкты куруунун, ошондой эле гендердик, климаттык коопсуздуктун жана социалдык биримдиктин ортосундагы өз ара байланыштары жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу жана жалпы түшүнүүгө көмөктөшүү.


Тренингге жалпысынан 26 адам катышты, алар активисттер, жаштар лидерлери, аялдардын ЖКУ өкүлдөрү жана грант алуучулар.


Тренингдин катышуучулары тынчтык жана коопсуздук маселелеринде өз ролдорун талкуулап, өзгөчө БУУнун Коопсуздук Кеңешинин №1325 резолюциясынын маанисин терең өздөштүрүштү. Резолюция 1325 аялдардын тынчтыкты сактоо жана коопсуздукту камсыздоо жаатындагы маанилүү салымын тааныйт жана бул багытта аялдардын активдүү катышуусун колдоо максатын көздөйт.


Иш-чара учурунда катышуучулар тынчтык жана коопсуздук багытындагы өзүнүн жеке жана жамааттык тажрыйбалары менен бөлүшүп, ошондой эле аймактарда тынчтыкты орнотуу үчүн кичи гранттарды колдонуу жолдорун үйрөнүштү. О.э. климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу социалдык маанилүү көйгөйлөрдү чечүү максатында коомчулукту мобилизациялоо көндүмдөрүн өнүктүрүү, чечимдерди кабыл алуу процесстерине катышуусуна көмөктөшүү, климатка байланыштуу чыр-чатактарды жана коопсуздук коркунучтарын алдын алуу.


Долбоордун максатына байланыштуу тренинг катышуучулардын гендердик мамилелер, коопсуздук жана климаттын өзгөрүшү, ошондой эле бул процесстерде аялдардын ролун талкуулоо боюнча маалымдуулугун жогорулатты. Катышуучулар бул маселелердин өз ара аракеттенүүсү боюнча теориялык билимге ээ болушту, алар гендердик саясатты эске алуу менен климаттын өзгөрүүсүнүн маселелери боюнча мындан аркы пландарды иш жүзүндө талкуулоого жана иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк алышты.


Катышуучулар ошондой эле жашоонун бардык чөйрөлөрүндөгү гендердик аспектилер, климаттын өзгөрүүсүнүн көйгөйлөрүн чечүү үчүн алардын интеграциясынын маанилүүлүгү, коопсуздук жана социалдык биримдикке басым жасоо менен тынчтыкты куруу, ошондой эле чакан бизнести жана социалдык долбоорлорду өнүктүрүү менен тааныша алышты.


Грант алуучулар, активисттер жана жаштар өздөрүнүн долбоорлорундагы кырдаалды жакшыртуу үчүн жасай ала турган конкреттүү кадамдарды талкуулоо менен гендердик маселелердин климаттын коопсуздугуна жана тынчтыкты сактоого кандай таасир этээрин терең түшүнүштү. Алар социалдык жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө комплекстүү мамиле жасоонун стратегиялык көз карашын түзүүгө мүмкүндүк берүүчү бул факторлордун ортосундагы байланыштарды талдоону үйрөнүштү. Катышуучулар климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу тобокелдиктерди жана алардын коопсуздукка тийгизген таасирин талдоо жана болжолдоо ыкмаларын үйрөнүштү. Катышуучулар калктын, өзгөчө аялдардын жана жаштардын чечим кабыл алуу процесстерине активдүү катышуусу социалдык маанилүү маселелерди чечүүгө өбөлгө түзөрүн түшүнүштү. Климаттык коопсуздук, чыр-чатактарды алдын алуу жана климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу коркунучтарды жоюу боюнча иш-аракеттерди жасоого коомчулуктун катышуусунун зарылдыгы талкууланды жана катышуучулар өз аймактарында климаттык коопсуздук маселелерин чечүүдөгү ийгиликтери жана кыйынчылыктары менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.


Окутуулар тынчтык жана ынтымакты кичи гранттар аркылуу жыйылтуу мүмкүнчүлүктөрү каралды. Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар тынчтыкты орнотуу жана аялдардын ролун күчөтүү боюнча бир катар идеяларды иштеп чыгышты.