«Татыктуу жашоо» долбоорунун Кеӊ-Булуӊ АА мониторингдик иш сапарлары: келиндердин бизнес пландарын ийгиликтүү ишке ашыруу

October 9, 2024, 07:09

Чүй облусу, Кыргызстан – 13-сентябрь, 2024-жыл «Роза Отунбаеванын Демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун командасы 2023-2025-жылдар убакыт аралыгында «Татыктуу Жашоо» аймактык долбооруна катышып жаткан 15 үй-бүлөгө мониторингдик иш сапарларын өткөрүштү. Иш сапардын максаты бизнес-пландардын ишке ашырылуусуна, ошондой эле келинчеги менен күйөөсүнүн, ата-энелеринин ортосундагы ички үй-бүлөлүк мамилелердин жакшыруусуна баа берүү болгон.   


«Татыктуу жашоо» долбоору аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алууга багытталган. Долбоордун алкагында эки аймакта – Кеӊ-Булуӊ айыл өкмөтүндө жана Ошто зомбулук тобокелчилиги бар үй-бүлөлөр тандалып алынган, бул тобокелчиликти токтотуу үчүн International Alert үй-бүлөлөр жана  келиндер үчүн окутуу өткөргөн, психологиялык жана юридикалык консультацияларды уюштурган, ошондой эле кыздардын жана аялдардын экономикалык туруктуулугу үчүн келиндердин бизнес-долбоорлорун ишке ашырууга кичи-гранттарды берген.   


«Роза Отунбаеванын Демилгеси» Фонду бул иштин убакыт аралык жыйынтыгына байкоо салуу үчүн жана келиндердин бизнес-долбоорлору кандай ишке ашып жатканын көрүү үчүн ал үй-бүлөлөргө барды жана үй-бүлөлөрдөгү өзгөрүүлөрдөн кабардар болду.


Башталуу тарыхы кыскача:

Долбоордун бенефициарлары тарабынан киреше алып келүүчү ишмердүүлүк боюнча 15 бизнес план иштелип чыккан, алардын баары мамлекеттик органдардын өкүлдөрү тарабынан, International Alert жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык фонду тарабынан жактырылган:

● 7 тигүүчүлүк ишмердүүлүк боюнча бизнес-план түзүшкөн;

● 5 үй-бүлө кызылча өндүрүү ишмердүүлүгүн тандашкан;

● 1 үй-бүлө чач тарач ишмердүүлүгүн тандаган;

● 1 тез татым түйүнүн ачкан (фастфуд);

● 1 үй-бүлө тоок багуу чарбачылыгын тандаган.


Бизнес-пландарды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн долбоордук колдоо көрсөтүү бардык зарыл товарларды жана  жабдууларды сатып берүүнү камтыган.


Мониторингдин жыйынтыгы, зарыл жабдууларды жана материалдарды сатып алуу катышуучулардын өз пландарын ишке ашырууларына жол ачкандыгын аныктады жана бардык бизнес-пландар ийгиликтүү ишке ашырылган, ошондой эле өз натыйжаларын берип жаткан экен. Кызылча өндүрүү  ишмердүүлүгүн ишке ашырып жаткан үй-бүлөлөрдө түшүмдү жыйноо башталыптыр. Бир гектар жерден орточо дегенде 60-70  тонна кызылча кумшекерин чогултууга мүмкүн болгон. Үй шартындагы тигүүчүлөр жумуштун көлөмүнө жана буюртмалардын санына жараша айына 10 миӊ сомдон 50 миӊ сомго чейинки киреше таап башташкан. Бир үй-бүлө салон ачкан, анын алкагында үй-бүлөнүн жубайы маникюр, педикюр жана визажист кызматтарын көрсөтүп жатса, анын күйөөсү ага жардам берип жана чач тарач кызматын көрсөтүп жаткан экен. Бул үй-бүлө ай сайын 30-40 миӊ сом өлчөмүндөгү киреше таап жатат.  Тоок багуу чарбачылыгы менен ишмердүүлүк кылган үй-бүлө жөжөлөрдүн жана каздардын үчүнчү агымын өстүрүп чыгарууга жетишкен, бул болсо туруктуу киреше табууга жол ачкан. Тез татым түйүнү  тамактардын ассортиментин кеӊейткен жана бул үй-бүлөгө айына 60 миӊге чукул киреше алып келип жатат. Бардык катышуучулар өз бизнестерин активдүү түрдө өнүктүрүп жатышат, туруктуу киреше алышууда, бул өз кезегинде болсо, алардын жамаатындагы жашоонун сапатын жакшыртууга жол ачат.  


"Татыктуу жашоо - Жизнь в достоинстве" долбоору тууралуу: Долбоор 2022-жылдын июль айынан баштап, Кыргызстанда, Өзбекстанда жана Таджикстанда иштеп жатат. Ал үй-бүлөлүк зомбулукту   аныктоого жана анын деӊгээлин төмөндөтүүгө, үй-бүлөлүк мамилелерди өзгөртүүгө, гендердик стереотиптерди жеӊүүгө жана аялдардын экономикалык чечимдерди кабыл алууга катышуусун жогорулатууга багытталган. Бул долбоор Улуу Британия өкмөтүнүн каржылык колдоосу астында эл аралык өнүктүрүү үчүн ишке ашырылууда. Долбоордун алкагында билдирилген ой пикирлер Улуу Британия өкмөтүнүн расмий көз карашын милдеттүү түрдө чагылдырбайт.