Отунбаева: Афганистандын учурдагы бийлигинин саясаты өлкөдөгү гуманитардык кризисти курчутууда
September 18, 2024, 23:25Афганистандын учурдагы бийлиги «акыркы он жылдыкта карааны көрүнбөй келген туруктуулук мезгилин камсыз кыла алды», бирок эл аралык каржылоо кыскаргандыгынан улам, өлкөдөгү гуманитардык кырдаал начарлагандан начарлоодо. Бул тууралуу БУУнун Коопсуздук Кеӊешинин брифингинде БУУнун Башкы катчысынын Афганистандагы Атайын өкүлү Роза Отунбаева билдирди.
Учурдагы бийлик болсо бул кризисти калктын реалдуу муктаждыктарына жетиштүү эмес багытталган саясаты аркылуу тереӊдетип жатат
жана анын экономикалык потенциалын начарлатып жатат», - деп айтты ал.
Гуманитардык жардамдын жетишсиздиги
Ал 3 миллиард доллар талап кылынып жаткан гуманитардык таасир
этүүнүн
учурдагы планы болгону 30 пайызга гана каржыланганын белгилеп өттү.
«Жылдын жйынтыктоочу кварталына жакын кошумча ресурстар
берилери тууралуу эч кандай белгилер жок», - деп белгиледи Отунбаева.
Каржылоонун жетишсиздиги бул жылы 200дөн ашык мобилдик жана стационардык
медициналык мекемелердин иштеринин токтоп калуусуна алып келди. Дагы 171
медициналык мекеме жакынкы бир нече айда жабылат.
Мындан сырткары, калк ачкачылыктан жабыркап жаткан райондордо
азык-түлүк ченазыгынын өлчөмү жарымына чейин азайды. Бир нече миллион адам коопсуз ичүүчү суу жеткиликсиз райондордо жашашат.
«Афганистандын калкынын жаш мууну тез өсүп жаткандыгын, аны камсыздоого шайы жок экономикасын жана өнүгүү максатындагы жардамдарды эл аралык
донорлордун кыйылып маанайы суз берип жатканын – маанилүү бир деӊгээлде калктын жарымынын нары-бери жылуусуна,
кыймыл-аракеттерине тыюу салынганынан улам ушундай болуп жатканын эсепке алсак,
анда гуманитардык кризис жакынкы убакытта өнүгүү кризисине айланат», -деп айтты Атайын өкүл.
Аялдар үчүн чектөө
Отунбаева Афганистан эл аралык жамаат тарабынан остракизмге
кабылып жатканын баса белгиледи. Анын айтуусу боюнча, талибдер калкка «ислам
укугунун» өздөрүнө гана белгилүү жеке интерпретациясын
таӊуулашты. Бул эӊ биринчи кезекте аялдарга жана
кыздарга тиешелүү.
«БУУ
Аялдар-түзүмүнүн» башчысы Сима Бахус Коопсуздук Кеӊешинин мүчөлөрүнө өлкөдөгү аялдардын
абалы тууралуу кенен маалымат берди, тактап айтканда жаӊы мыйзам тууралуу, ал аялдар жана кыздар үйдөн чыкканда өз дене боюн толугу менен жабуусун талап кылат,
ошондой эле аялдардын ырдоосуна, үнүн чыгарып окуусуна жана коомдук жайларда
ырларды көркөм окуусуна,
туугандык байланышы жок эркектерди кароого тыюу салат.
«Афган аялдары бул репрессивдүү мыйзамдардын өзүнөн эле коркушпастан, ошондой эле
алардын мажбурланган түрдө колдонулуп жатканынан дагы
коркушууда», - деп айтты Бахус.
«Мындай шарттардагы жашоо чындыгында эле адам чыдагыс», - деп кошумчалады ал.
Бахус ошондой эле
аялдардын билим алуусуна тыюу салуу дагы сакталган бойдон өкүм сүрүп тургандыгы тууралуу айтты, бир гана афган балдары мектеп барып
жатышканын жана алар «Талибан» кыймылына гана тиешелүү окуу программасы боюнча билим
алып жатышканын кошумчалап кетти.
«Биз
Афганистандын кыздарын угушубуз керек»
Брифингде Афганистандын 21 жаштагы Мина аттуу жашоочусу дагы
чыгып сөз сүйлөдү, ал эми мындан ары бул өлкөдө жашабайт. Ал афган кыздарынын
кийинки өсүп келе жаткан мууну билим алуу бул татыксыз, орунсуз нерсе деген пикирде
болуп калышабы деген өзүнүн кооптонуулары менен бөлүштү.
«Биз Афганистандын кыздарын угушубуз керек жана
аларды басмырлоону токтотуу үчүн бардык мүмкүн болгон
нерселерди жасашыбыз зарыл», - деди ал.
Баяндоочулар
Кеӊешти Афганистандын аялдарын жана
бардык калкын коргоо үчүн чара көрүүгө чакырышты.
«Биз чечим
кабыл ала алабыз жана биздин саясий эркибизди, ресурстарыбызды афган аялдарына
колдоо көрсөтүүгө… багыттай алабыз», - деди Бахус.
«Мен
сиздерди дагы бир жолу бул курсту колдоп гана тим болбостон, ошондой эле аны жаӊыча чечүү милдетин дагы өзүӊөргө
алууну суранам», -деп кошумчалады ал.
Сүрөт БУУ