БУУ талибдердин Афганистандын аялдарына карата киргизген жаңы эрежелерине тынчсызданууда

August 25, 2024, 07:34

БУУнун Афганистанга кɵмɵктɵшүү боюнча миссиясы (БУУАКМ) 25-август жекшемби күнү талибдердин Афганистанда жакында эле морал жɵнүндɵ катаал мыйзам кабыл алгандыгына байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирди.


Бириккен Улуттар Уюмунун Афганистанга кɵмɵктɵшүү боюнча миссиясы (БУУАКМ) Афганистандын учурдагы бийлигинин жеке жүрүм-турумга ɵтɵ кеңири чектɵɵлɵрдү таңуулаган,  жана ошондой эле адеп-ахлак полициясына аларды сактоону камсыз кылуу боюнча кеңири ыйгарым укуктарды берген морал жɵнүндɵ мыйзамды кабыл алынуусуна терең тынчсызданат.    


Бийликтегилер бул жумада чынында эле мажбурлоонун негизсиз жана потенциалдуу түрдɵгү ырайымсыз механизмдерин колдонуу менен афган калкына карата олуттуу чектɵɵлɵрдү деталдаштырган, 35 беренеден турган “Жакшы кɵрсɵткүчтү жайылтуу жана бузукулуктан сактоо жɵнүндɵ” Мыйзамды ратификациялагандыгын жарыялашты.

 


“Бул Афганистандын келечегине карата кɵңүл чɵктүргɵн кɵз караш, анда адеп-ахлак боюнча тескɵɵчүлɵр киргизилген чектɵɵлɵрдүн кеңири, ал эми кээде бүдɵмүк тизмелеринин негизинде кимди болбосун коркутуучу жана кармап кетүүчү дискрециондук ыйгарым укуктарга ээ” – деп айтты БУУнун Афганистанга кɵмɵктɵшүү боюнча миссиясынын башчысы жана Башкы катчынын Атайын ɵкүлү Роза Отунбаева.


“Бул афган аялдарына жана кыздарына карата ансыз дагы болуп келген адам чыдагыс чектɵɵлɵрдү кеңейтет,  ага ылайык аялдын үйүнɵн тышкары дабышы, үнү капыстан эле угулуп калса, болду бул моралды бузуу деп эсептелет”, - деп айтты ал.   


Текст Афганистандын бардык диний жамааттарынын ар түрдүүлүгүн кɵз жаздымда калтыруу менен диний эркиндикке тынчсыздандыруучу таасирин тийгизет, жана дагы журналисттер менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын иштɵɵсүнɵ таасирин тийгизген кошумча чектɵɵлɵрдү киргизет. 


“Он жылдаган согущтан кийин жана оор гуманитардык кризистен кийин афган эли,  эгерде алар капыстан эле сыйынуудан кечигип калса, үй-бүлɵ мүчɵсү эмес карама-каршы жыныстын ɵкүлүн карап эле койсо, же болбосо аларда сүйгɵн адамынын сүрɵтү бар болгондугу үчүн коркутууларга же абакка камоого кирептер болгонго караганда, бир топ  жакшы нерселерге татыктуу”, деп белгилеп ɵттү Отунбаева.


“Эл аралык жамаат азыркы бийлик менен конструктивдүү түрдɵгү ɵз ара аракеттенишүүгɵ ак ниеттүүлүк менен умтулууда. Дүйнɵ Афганистанды бардык афгандыктар тартиптик жазалоонун субьектилери катары каралган эмес, дүйнɵ афгандыктарды укуктарга ээ, ɵздɵрүнүн келечектерине кызыкдар жарандар катары кɵрүүнү каалайт. Афган элинин укуктарын мындан ары дагы чектɵɵ жана аны дайыма корккон абалда кармоо бул максатка жетүүнү кыйындатат”, - деп айтты атайын ɵкүл.


Учурдагы бийлик тарабынан моралдык кɵзɵмɵлдɵɵ саясатынын жана ишмердүүлүгүнүн адам укуктары үчүн тийгизген зыяндары боюнча тынчсыздануу БУУнун Афганистанга кɵмɵктɵшүү боюнча миссиясынын июлда жарыяланган баяндамасында кенен баяндалган.

 

БУУнун Афганистанга кɵмɵктɵшүү боюнча миссиясы жакында ратификацияланган мыйзамды жана анын афган элине тийгизген кесепеттерин, ошондой эле анын Бириккен Улуттар Уюмуна жана башка жашоо үчүн маанилүү гуманитардык жардамга дагы потенциалдуу түрдɵ тийгизген  таасирин ɵздɵштүрүп жатат жана учурдагы бийликтен бир катар беренелер жана аларды сактоону камсыз кылуу пландары боюнча түшүндүрмɵ алууга аракеттенүүдɵ.  


Биринчи обзордон алып караганда, мыйзамдын эки беренеси чындыгында эле позитивдүү кадамдарды камтып турат, тактап айтсак жетимдерге ырайымсыз мамиле кылуу мыйзамдан тышкары, ошондой эле жеке кɵңүл ачуу жана сексуалдык мазактоо үчүн эркек балдарды колдонуу педофилдик тажрыйбасы болгон Бача баздыкка тыюу салат. Бийликтегилерге иш жүзүндɵ чындыгында эле балдарды коргоо, анын ичинде сексуалдык зомбулуктан коргоо боюнча саясатты жана укук коргоо тажрыйбаларын  күчɵтүү катуу сунушталган.


БУУнун Афганистанга кɵмɵктɵшүү боюнча миссиясы, учурдагы бийликке Афганистан мамлекет катары адам укуктары боюнча жети негизги эл аралык келишимдердин катышуучусу боюнча кала берерин жарыялайт. Коопсуздук Кеңешинин 2681 резолюциясында (2023) дагы "Талибан" кыймылына аялдардын жана кыздардын ар биринин жеке ɵззүнɵ тиешелүү адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин ишке ашырууларын чектеген саясаттан жана тажрыйбадан ыкчам түрдɵ баш тартуу чакырыгы камтылган.     


Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин мандатына ылайык, БУУнун Афганистанга кɵмɵктɵшүү боюнча миссиясы мониторинг жүргүзүүнү, отчетторду даярдоону, адамдын жана аялдардын укуктары кɵйгɵйлɵрү жаатында иш алып барууну ишке ашыруусун уланта берет жана учурдагы бийлик менен түз талкууларды жүргүзүүнү колдоого алат.


БУУнун Афганистанга кɵмɵктɵшүү боюнча миссиясынын башчысы жана Башкы катчынын Атайын ɵкүлү Роза Отунбаева Коопсуздук Кеңешине Афганистандагы кырдаал жɵнүндɵ кийинки баяндамасын 18-сентябрда жасоону пландаштырууда.