БУУнун Афганистанга кɵмɵктɵшүү боюнча миссиясынын башчысы жана Башкы катчынын Атайын ɵкүлү Роза Отунбаеванын кайрылуусу

August 21, 2024, 15:23

БУУнун Афганистанга кɵмɵктɵшүү боюнча миссиясынын башчысы  (БУУАКМ) жана Башкы катчынын Атайын ɵкүлү бүгүн терроризмдин курмандыктарын жана терроризмдин жабырлануучуларын эскерүү жана терроризмдин курмандыктарына урмат-сый кɵрсɵтүү Эл аралык күнүнɵ (21-август), жана да диндин же ишенимдердин негизиндеги зомбулук актыларынын курмандыктарын эскерүүнүн Эл аралык күнүнɵ (22-август) арналган кайрылуусун жарыялады.


“Биз он жылдаган кɵптɵгɵн карама-каршылыктардын учурунда ɵз ɵмүрлɵрүнɵн же жакындарынан айрылган бардык афгандыктарды эскерүүгɵ арналган бул даталарды, бул азаптануулар алардын адам укуктарын толук ишке ашыруунун негизинде токтотулат деген үмүт менен ɵзгɵчɵ салтанаттуу түрдɵ белгилейбиз”, - деди Роза Отунбаева.


“Ушундай ири иш-чаралар аркылуу Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тынчтыкты орнотуу боюнча аракеттерге  жана сүйлɵшүүлɵргɵ кɵмɵктɵшүү боюнча так чакырык менен кайрылат жана терроризмдин курмандыктарын тынчтык ɵкүм сүргɵн жана ачык коомдордун маанилүү компоненти катары киргизүүнү аныктайт”, – деп айтты  Отунбаева.


“Башкы Ассамблея ошондой эле, дал ушул БУУнун катышуучу-мамлекеттери адам укуктарын коргоо жана жайылтуу боюнча, анын ичинде диний азчылыктарга тиешелүү жарандардын адам укуктарын коргоо жана жайылтуу боюнча негизги милдетти алышкандыгын эскертет.  Дал ушул чакырыкты биз Афганистанга ɵткɵрүп берүүнү улантабыз, анын ичинде иш тажрыйбасында бийликке ɵткɵрүп берүүнү улантабыз”, - деди Отунбаева.   

Булак